ОКУУ БОРБОРУНУН ТАРЫХЫ

Окуу борбору 1978-жылы Республикалык финансы жана камсыздандыруу органдарынын кызматкерлеринин билимин жогорулатуучу курс катары түзүлгөн, ал эми 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору болуп кайра түзүлдү.

Окуу борбору өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекке алуу менен жүргүзөт. Окуу борбору жөнүндөгү Жобо 2012-жылдын 20-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №114 токтому менен бекитилген. Окуу борбору министрликтин жалпы жетекчилиги астында, Финансы министрлигинин статс-катчысынын көзөмөлү менен, ошондой эле Окуу борборунун директорунун түздөн-түз жетекчилигинде ишмердүүлүк жүргүзөт.

КР ФМдин Окуу борборунун негизги милдети мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу, мамлекеттик секторлордогу финансылык отчеттулуктун жана ички аудиттик системанын эл аралык стандарттары, казналык тармактагы отчеттуулук жана эсепти автоматташтыруу маселелери боюнча Финансы министрлигинин кызматкерлеринин, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин кесибин жогорулатуу, кайра даярдоо жана окутуу болуп саналат.

КР Финансы министрлигинин кызматкерлерин, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди окутуу Финансы министрлигиндеги башкармалыктардын жетекчилери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, ведомстволорго караштуу бөлүмдөр менен бирге түзүлгөн окуу планы жана программасы боюнча жүргүзүлөт. Угуучулардын талабына карай, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт. Окутуунун узактыгы окуу планы менен аныкталат, Финансы министрлигинин башкармалыктарынын жетекчилери менен макулдашылат жана статс-катчысы тарабынан бекитилет. Окуу борбору окуу процессин жүргүзүү үчүн сааттык төлөм жана айкалыштырып иштөө шарты менен Жогорку окуу жайлардын окутуучуларын, Финансы министрлигинин аппаратындагы жана башка министрликтердеги, ведомстволордогу адистерди тартат. Окуу борборунда кайра даярдоодон, окуудан өткөн угуучулар белгиленген үлгүдөгү сертификатка ээ болушат.

Мекемелердеги мамлекеттик сатып алуулардын методологиясын уюштурууда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ыйгарым укуктуулугун эске алуу менен мамлекеттик сатып алуулар жагына көп деңгээлдүү билим берүү системасы киргизилди. 2009-жылдын 26-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар жөнүндөгү”, ”Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин №425 жарлыгына ылайык Окуу борбору 2010-жылдын апрелинен баштап товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жагындагы кадрларды даярдоочу, кесибин жогорулатуучу жана кайра даярдоочу курстарды өткөрөт, анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин белгиленген үлгүсүндөгү тастыктоочу сертификаттарды тапшырат. Бул үчүн тренер-консультанттар тартылып, мамлекеттик сатып алуулар жагындагы адистер үчүн окутуунун программалары жана таратылуучу окуу материалдары иштелип чыккан.

Окуу борборунун ишмердүүлүгү бекитилген тартипте мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жана башка келип түшкөн каражаттан каржыланат. Борбордун бюджеттик жана атайын каражаттары бар. КР мыйзамдарында коюлган нормаларга жана талаптарга ылайык бухгалтердик жана статистикалык эсеп, ошондой эле отчеттуулук жүргүзүлөт. Окутуучулардын эмгек төлөмдөрү бекитилген тартипте окуу жүктөмдөрүн аткаруу көлөмү менен аныкталат.