Суроолор жана жооптор

Курстарда сабакты ким өтөт?

Окууну көптөгөн эмгек тажрыйбасы бар, автордук ыкмадагы иштелмелери менен жогорку квалификациялуу окутуучулар өткөзөт.

Окуу борбору канчалык деңгээлде зарыл жабдуулар менен каржыланган?

Окуу борборунда сабак заманбап мультимедиялык аппаратура, жаңы окуу колдонмолору жана заманбап компьютерлер менен жабдылган класстарда жүргүзүлөт. Угуучуларга усулдук материалдар таратылат.

Курстарга кантип жазылууга болот?

Курстарга сизге ыңгайлуу болгон бардык убактарда сайттан жазылсаныз болот. Администратор сиз менен байланышат. Курстарды уюштурган борборго байланышып, же байланыш малыматтар бетиндеги көрсөтүлгөн телефон аркылуу кызыккан курска жазылсаңыз болот. Ошондой эле электрондук почта аркылуу табыштама жиберип же болбосо окуу борборунун кеңсесине келип курска жазылууга болот.

Окуу үчүн төлөм кантип жүргүзүлөт?

Өз каражатынан төлөгөн угуучулар, төлөмдүк келишим түзүлгөндөн кийин окуу борборунда төлөй алышат. Накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн учурда, окуу мөөнөтү, угуучулардын аты-жөнү жана кызматы, төлөөчүнүн даректик маалыматтары камтылган мекеменин расмий бланкында жазылган табыштаманы Окуу борборунун дарегине жиберүү талап кылынат. Табыштаманын негизинде келишим жана эсеп түзүлөт.

Сиздердин даректик маалыматыныздарды кайдан алса болот?

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун даректик маалыматтарын,
даректик маалыматтар шилтемесин басуу жолу менен алсаңыз болот.

Окуу бүткөндөн кийин кандай документтерди алам?

Окууну бүткөндүгү тууралуу Сертификатты, келишимди жана дүмүрчөктүн түп нускасын аласыз.

Сиздерге кантип чалса болот?

Көрсөтүлгөн телефон аркылуу биз менен дайыма байланыша аласыз: +996 (312) 62-53-13, доб. 5010; +996 (312) 66-15-97

Сиздердин Факстын номери кандай?

Факстар көрсөтүлгөн номер боюнча кабыл алынат: 996 312 625 852

Дагы суроолор болсо.

Эгерде сиз дагы кошумча суроолорду бергиңиз келсе ucmfkr@gmail.com почтасы аркылуу жазууну унутпаңыз же болбосо +996 (312) 62-53-13, доб. 5010; +996 (312) 66-15-97 номери аркылуу байланышыңыз.