КР Финансы министрлигинин Окуу борбору угуучулардын кесиптик ишмердүүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн жана иш билүүсүн түзүү жана практикалык жактан такшалтуу максатында, ар бир аптада

КР Финансы министрлигинин Окуу борбору угуучулардын кесиптик ишмердүүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн жана иш билүүсүн түзүү жана практикалык жактан такшалтуу максатында, ар бир аптада “ Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы базалык окуу курсун өткөрүп келе жатат. 

Лекциялык сабактардан башка дагы, угуучулардын теориялык алган билимдерин бышыктоо үчүн эки күн (бейшемби жана жума күндөрү) практикалык сабактар өткөрүлөт, башкача айтканда, майда-чүйдөсүнө чейин: кулактандырууну кантип тариздөө, Электрондук МСА Порталына кантип катталуу керек, сатып алуулар планын түзүү, бааларга мониторинг жүргүзүү ж.б.

Ошондой эле КР Финансы министрлигинин  Окуу борборунда өтүлүүчү практикалык сабактарда окуу курсунун угуучуларын үч майда топко бөлүп машыктырат: “товарлар”, “жумуштар”, “кызмат көрсөтүүлөр”, башкача айтканда:

1.Товарлар

Эмгектин өндүрүмүнүн бардык түрлөрү, анын ичинен: чийки зат, буюм, жабдуу жана катуу зат, суюк, газ абалындагы нерселер, электр энергиясы, ошондой эле товарлар менен коштолгон кызмат көрсөтүүлөр (эгерде, мындай коштолгон кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы товардын баасынан ашпаса) ж.б.у.с.

2.Жумуштар

Курулуш иштери менен байланышкан баардык ишмердуулуктор, кайра куруу, бузуу, ремонт же имаратты жаңылоо, объект, курулуш үчүн аянттарды даярдоо, котловандарды казуу, жабдуулар же монтаждоо, тышкы жана ички жасалгалоочу-шыбак жумуштары, ошондой эле шааркурулуштук жана долбоордук-сметалык документацияларды даярдоо менен коштолгон кызмат көрсөтүүлөр, казуу геодезикалык иштер, спутниктен тартуу, сейсмологиялык изилдөө жана башка сатып алуулар тууралуу келишимге ылайык көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр, (эгерде, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жумуштун баасынан ашпаса)  ж.б.у.с. 

3.Кызмат көрсөтүүлөр

Мамлекеттик сатып алуулардын бардыгы  (товарларды, жумуштарды кошпогондо, физикалык натыйжанын ченөө натыйжалуулук деңгээлинин негизинде), топографиялык тартуу кызматы, имаратты, станокторду жана жабдууларды тазалоо; транспорт менен ташуу; телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр; камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр; имараттарды, курулуштарды долбоорлоо, компьютерлерди жана программалык камсыздоонун учурдагы техникалык колдоо; жарыялоо, коопсуздук кызматы, типографиялык кызмат, агын сууларды тазалоо кызматы, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, аудитордук кызмат көрсөтүүлөр; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр лизгинги, агрегаттарды, түйүндөрдү жана (же) жабдууларды оңдоо кызматтары ж.б.кызмат көрсөтүүлөр.