Мамлекеттик сатып алууларга катышуучулардын потенциалын жогорулатуу

Мамлекеттик сатып алууларга катышуучулардын потенциалын жогорулатуу

КР Финансы министрлигинин Окуу борборундагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуу курстарынын программаларын өркүндөтүү максатында, Мамлекеттик финансыны башкаруу тармагынын  потенциалын өркүндөтүү–2 (мындан ары - МФБ ПӨ-2) долбоорунун алкагында ар бир окуу курсун комплекстүү окутуу, талдоо жүргүзүү, жетишпестиктерин, алсыз жактарын ачыктоо үчүн жана жаңы окуу материалдарын өркүндөтүү максатында талдоонун жыйынтыктарын колдонууга карата кыска мөөнөттүү консультант жалданган.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык мамлекеттик сатып алуулар боюнча иштеп жаткан стационардык жана дистанттык онлайн курстардын окуу материалдарына жана мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларга өзгөрүүлөр киргизилди.

Окуу курстарын жаңылоонун жыйынтыгы менен Окуу борбору өзүнүн 29 окутуучуларына жана кызматкерлерине тренинг өткөрдү. Андан тышкары, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн семинарлар өткөрүлдү. 

Кыска маалымат: МФБ ПӨ-2 долбоору 2021-жылдын июнунан баштап. Көп тараптуу донордук трасттык фонддун алкагында, гранттык негиздеги Швейцария Өкмөтүнүн жана Европа Комиссиясынын салымынын эсебинен ишке ашырылат. Көп тараптуу донордук трасттык фонд Дүйнөлүк Банк тарабынан башкарылат.