2021-жылдын 14-январында КР Финансы министрлигинин Окуу борбору окутуучуларынын билимин жогорулатуу максатында “2020-жылдын 18-декабрындагы №8 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамына

2021-жылдын 14-январында КР Финансы министрлигинин Окуу борбору окутуучуларынын билимин жогорулатуу максатында “2020-жылдын 18-декабрындагы №8 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр” темасындагы окуу курсун өткөрдү. 2020-жылдын 18-декабрындагы Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу  Т.Мамытов кол койгон. Мыйзам 2020-жылдын 5-ноябрында Жогорку Кеңештен кабыл алынган жана 2020-жылдын 29-декабрында Эркин-Тоо гезитине жарыяланган. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамды иштеп чыгуунун максаты “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзам талаптары менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө, укуктук мамилелерди тескөөчү КР мыйзамдуулугун өркүндөтүү, кетирилген кемчиликтерди, пробелдерди жана бири-бирине каршы келүүлөрдү жоюу жолу менен коррупциялык тобокелдикти азайтуу. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор көптөгөн беренелерге киргизилген, мисалы, тактоочу түшүнүктөр: бенефициардык ээси, берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтык базасы, улуттук режимден алып коюу, ишенимсиз маалыматтар, мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификатору ж.б.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы, Окуу борборунун айкалыштырып иштеген окутуучусу Исакова Асель Исраиловна бул өзгөртүүлөрдү салыштырмалуу жадыбал (таблица) түрүндө презентациялады. Бардык өзгөртүүлөр тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар Порталынан таанышууга болот.

КР ФМ Окуу борборунда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын эски редакциясы боюнча мурда курстан өткөн мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чакан жана орто бизнестин кызматкерлери үчүн киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу бир күндүк адистештирилген окуу курсу пландаштырылууда.