Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2020-жылдын 14-декабрынан 16-декабрына чейин “Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруу” темасындагы үч күндүк тренинг бол

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2020-жылдын 14-декабрынан 16-декабрына чейин “Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруу” темасындагы үч күндүк  тренинг болуп өттү.

Тренингдин максаты,  мамлекеттик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун (МИД) башкаруу маселеси боюнча долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин компетенцияларын жана билим деңгээлдерин жогорулатуу.

Тренингдин  программасы өз ичине төмөнкүдөй темаларды камтыйт:  “Мамлекеттик инвестициялар долбоорлору тармагындагы ченемдик-укуктук база”, “Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун даярдоодо стратегиялык документтердин ролу жана мааниси”, “Мамлекеттик инвестициялар долбоорлоруна  кызыктар болгон жактар менен өз ара иштөө”,  “Макулдашуу түзүү жана долбоорду ишке ашыруу”, “Мамлекеттик инвестициялар долбоорлору боюнча төлөмдөр жана сатып алууларды уюштуруу”, ”Долбоорду ишке ашыруу мониторинги”, “Долбоор бүткөндөн кийинки баалоо”

Спикерлер:

-Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана мамлекеттик инвестициялар программалары бөлүмүнүн башчысы, эксперт-консультант, мамлекеттик органдарда чоң тажрыйбасы бар, дасыккан адис Мамасыдыков Нурбек Бекболотович,

-Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) эксперт-консультанты, Мамлекеттик финансыны башкаруу (МФБ)  боюнча мамлекеттик кызматта чоң тажрыйбасы бар, Дүйнөлүк Банктын Азия өнүктүрүү банкы баюнча долбоордун менеджери Эльмира Керималиева-Браун,

Эксперт-консультант, Мамлекеттик инвестициялар долбоорлору багытындагы мыйзам ченемдик актыларды иштеп чыгууда чоң тажрыйбага ээ, мамлекеттик кызматтагы дасыккан адис Сыдыков Бакыт Толомушевич.