2020-2021-окуу жылына карата “Ички аудит” курсуна окутуучуларды тандоо боюнча конкурс жарыялайт.

2018-жылдын 6-августунда КР Финансы министрлигинин № 3-Д  Буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө” Жобого ылайык, ар бир квалификациялык сертификаты бар ички аудитор жыл сайын квалификацияны жогорулатуу Программасы боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.  

Жогорудагы айтылгандарга байланыштуу жана жогоруда көрсөтүлгөн Буйрукту аткарууда КР ФМ Окуу борборуна Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгынын начальниги Ж.Ж. Макешевдин 2020-жылдын 26-октябрында № 24-1-6/141 номуру менен, бекитилген программа боюнча окутууну уюштуруу суранычы жазылган кызматтык каты келген.

КР Финансы министрлигинин Окуу борбору окуу курсун уюштуруу жана өткөрүү үчүн 2020-2021-окуу жылына карата “Ички аудит” курсуна окутуучуларды тандоо боюнча конкурс жарыялайт.

Окутуучулар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келиши зарыл:

а) жогорку билим;

б) окутулуучу курстун алкагында 3 жылдан кем болбогон кесиптик тажрыйба;  

в) 3 жылдан кем болбогон окутуучулук тажрыйба;

д) кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү;

е) КР аймактарында курстарды өткөрүү үчүн иш сапарына чыгуу мүмкүнчүлүгү.

Конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтер: 

  1. КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун директорунун атына жазылган арыз;
  2. Паспорттун көчүрмөсү;
  3. Резюме;
  4. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү, (окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы – эгерде болсо);
  5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  6. Жарыяланган эмгектеринин тизмеси, илимий макалалары, окуу-усулдук колдонмолору, окуу китептери (бар болсо);  
  7. Билимин жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  8. Патенттин көчүрмөсү (эгер болсо).

Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген жана тийиштүү документтерди бере албаган жарандар конкурска катыша алышпайт.

Конкурска катышууну каалоочулардын бардыгы документтерин жарыяланган күндөн баштап  30 (отуз) күн ичинде төмөнкү дарек боюнча КР ФМ Окуу борборуна тапшырышы керек: 720040 Бишкек ш., бульвар Эркиндик 58А, КР ФМ Окуу борбору - 6 кабат.

Сурап-билүү телефондору: 66 16 38; 62 58 82; 66 15 97