“Ички аудитордун квалификациялык сертификатын ырастоо боюнча окуу курсу” темасындагы 2 жумалык курс өткөрүп жатат.

2020-жылдын 30-ноябрынан баштап КР Финансы министрлигинин Окуу борбору Кыргыз Республикасындагы министрликтердин жана ведомстолордун ички аудиторлорунун кесиптик билимдерин тынымсыз жогорулатуу максатында “Ички аудитордун квалификациялык сертификатын ырастоо боюнча окуу курсу” темасындагы 2 жумалык курс өткөрүп жатат.

            Ички аудиторлор үчүн реалдуу убакытта онлайн форматындагы ZOOM платформасы менен практикалык сабактар, кейс стади, ошондой эле лекциялар (дарстар) өтүүдө.

            “Мамлекеттик сектордогу ички аудитордун сертификациясы жөнүндө” Жобого ылайык,  ички аудитордун кесиптик билимин жогорулатуучу сертификаты бар ар бир адис квалификациялык сертификатын ырастоочу кесиптик билимди жогорулатуу Программасындагы окуу курсунан өтүүгө милдеттүү.