“Жаңы реалдуулукта персоналды башкаруу”

№1 тегерек стол

Эл аралык форумдун “Алыскы аралыктагы команданы башкаруу же болбосо команданы кантип “алыскы аралактан иштөөгө” жоготуусуз алып өтүүгө болот” темасындагы сунун модератору Кыргызстандагы “ХЕППИджоб” ЖЧКнын башкы директору, сертификаты бар профконсультант жана персоналды башкаруу тармагынын бизнес-тренери Бурулкан Молдобекова болду.

Спикер катары сүйлөөчүлөр:

- “Crown Agents Ltd” компаниясынын Борбордук Азиядагы аймактык кеңсесинин жетекчиси Лариса Кокарева (Улуу Британия);

- Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектебинин” кесиптик кайра даярдоо факультетинин деканынын орун басары

Илона Колос Пермь ш. (Россия).

 Лариса Кокарева өзүнүн презентациясында «Crown Agents» компаниясынын түзүлүү тарыхы тууралуу айтып берди. Бул эл аралык компания 1833-жылы түзүлүп, дүйнөнүн 100 мамлекеттиндеги өкмөттөр, жардам көрсөтүүчү уюмдар, мамлекеттик жана жеке сектордук уюмдар менен иш алып бара тургандыгы менен тааныштырды.

«Crown Agents» компаниясынын COVID – 19 пандемиясына чейинки жана пандемия мезгилиндеги иштерин кыскача айтып өттү, “алыскы аралактан иштөөдөгү” негизги көйгөйлөргө токтолуп, Алыскы аралыктагы команданын ишин жакшыртууга карата сунуштарын берди.

Илона Колос дагы УИУ ЭЖМ кесиптик кайра даярдоо факультетинин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди жана төмөнкүдөй негизги мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп өттү:

  • Жогорку деңгээлдеги варианттулуктук. Билим берүүчү тректерди модулдук принцип боюнча куруу (түзүү);
  • Программаларды профессионалдык стандарттарды эске алуу менен иштеп чыгуу;
  • Долбоордук түзүлүштөрдүн (жыйынтыктоочу же аралык аттестация түрүндөгү) сөзсүз болушу;
  • Онлайн – окутуу;

Ошондой эле аралыктан иштөө мезгилинде алардагы персонал кандай көйгөйлөргө дуушар болгондун белгилеп өттү:

  • Жумушчу убакыттын ченемин тактай албоо;
  • Үй шартында жумушчу техниканын жана орундун жоктугу;
  • Көзөмөлдүн жоктугу жана албетте кызматкердин жоопкерчилигинин жоктугу;
  • Информациялык технологиялардын каражаттарын билбегендик;

Клиенттер менен иштөөдө жаралуучу көйгөйлөргө да убакыт бөлүндү:

  • Угуучулар менен келишим түзүүдө;
  • Клиенттер үйүнөн чыкпагандыктан жана банкка да бара албагандыктан, төлөм жүргүзүүдө (акча төгүүдө);
  • Окутуучуларды онлайн платформасына алып өтүүдө; 
  • Эгерде телефон офисте калса, клиенттер менен кантип байланышуу керек?

       Тегерек столдун катышуучуларынын бардыгы “Алыскы аралыктагы команданы башкаруу же болбосо команданы кантип “алыскы аралактан иштөөгө” жоготуусуз алып өтүүгө болот” темасындагы талкууга жигердүү катышып, төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти: аралыктан иштөө ыңгайлуу жана жемиштүү болушу мүмкүн, эң негизгиси өз командаңа жардам берүү керек!

Бардык катышуучулар берилген маалыматтары үчүн эки спикерге жана модератор Бурулкан Молдобековага ыраазычылык билдиришти.

 

 

№3 тегерек стол

Эл аралык форумдун “Кызматкерлер менен иштөөдөгү эмоционалдык натыйжалуулук” темасындагы №3 тегерек столунун модераторлору - Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектебинин” Менеджмент департаментинин улук окутуучусу (Пермь ш.) эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү (ЕАСЕIP) боюнча тьютор, “Эрмелис” проактивдүү өнүгүү борборунун жетекчиси, бизнес-тренер, игропрактик (Россия) Марина Полосухина болду.

Азыркы коомдун социалдык-экономикалык жана саясий тынымсыз өзгөрүп турган шартына көнүп кетүү жөндөмүнө ээ болуу, курчап турган процесске өзүңдүн жеке эмоцияңдай эле, айланаңдагы эмоциянын да өзгөчө мааниге ээ экендигин так түшүнүү жана кабылдоо негизги мааниге ээ.

Так ушул жөндөмдүүлүк “эмоционалдык интеллект”(ЭИ) түшүнүгүн камтып, тегерек столдо кенен чечмеленди.

Эмоционалдык интеллекттин түзүлүшүнө төмөнкүлөр кирет:

  • Өзүңдүн эмоцияңды жана башка адамдардын эмоцияларын аныктоо;
  • Өзүңдүн эмоцияңды жана башка адамдардын эмоцияларын башкаруу;
  • Эмоцияларды жана алардын жаралуу себептерин талдоо жана түшүнүү;
  • Эмоцияларды маселе чечүү үчүн колдонуу.                                             

Айрыкча эмоционалдык интеллект COVID-19 пандемиясы мезгилинде өзгөчө мааниге ээ. Бул учурда биз эмоционалдуу адамдар менен көп кездешебиз, ошондуктан алардын эмоцияларына алдырбоо үчүн, токтоолук сезими менен маектешип, маселени чыр-чатаксыз чечүүгө ишеним жаратуубуз керек.

Мында жетекчинин кол астындагылар менен өз ара мамилеси тууралуу да талкуу жүрдү. Анда:

Жетекчи кызматкерден эмнени күтөт: өз иш милдеттеринин алкагында аң сезимдүү чечимдерди кабыл алуусун, кардарлар менен камкор жана кесипкөй маектешүүсүн, көйгөйлүү кырдаалдарды натыйжалуу чечүүсүн, коллегалар менен өз ара жемиштүү иштешүүсүн, өзүнүн эмоциялык абалын тескөөсүн;

Кызматкер жетекчиден эмнени күтөт: тапшырманы туура коюусун, окутуусун, көтөрмөлөшүн, колдоосун, аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алуусун, өзүнүн эмоциялык абалын тескөөсүн, көйгөйлүү кырдаалдарды натыйжалуу чечүүсүн, жоопту кылдаттык менен кайтаруусун, өз командасын өстүрүү жана шыктандыруусун.

Демейде, жумушта болгон учурда эмоцияга тетири мамиле жасашат. Көп учурда мындай сунуштарды угууга болот: “Сиз туура (рационалдуу) ойлонушуңуз керек”, “Келиңиз, эмоцияларды эшиктин сыртына калтыралы, биз туура ойлонушубуз керек”, “Келиңиз, бул нерсеге өтө сүйүнүп кетпейли”, “Азыр биз үчүн негизгиси - баарын жакшылап ойлонуу керек”ж.б.у.с.

            Бирок, азыркы замандагы адам жашоосу, көптөгөн социалдык ролдорду аткаруу менен, аны курчап турган көп сандагы элдер менен дайыма байланыш-катышта болушу менен мүнөздөлөт. Байланыш-катыш процессинин натыйжалуулук маселеси дайыма социалдык илимдерде актуалдуу болуп келген.

Тегерек столдун катышуучулары “Пандемия шартында кызматкерлердин эмоционалдык натыйжалуулугу, анда кандай ассоциациялар жаралат?” деген темадагы маселеге талкуу жүргүзүштү. Талкууга катышуучулардын көпчүлүгү пандемия мезгилинде өздүк дисциплинаны (тартипти) сактоо маанилүү болду, кысталаң жана эмоциялык абалды пландоо, бири-бирин колдоп, эмоционалдык түрдөгү чууга алдырбоо керек болду деген жоопторду айтышты. 

Бул иш-чаранын жыйынтыгы менен Катышуучулардын бардыгы бул форумга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу үчүн, тегерек столдо маалымат берүүчүлөргө, уюштуруучуларга жана модератор Марина Полосухинага ыраазычылык билдиришти.

 

№4 тегерек стол

 “Белгисиздик шартында персоналды башкаруунун оптимизациясы жана антикризисттик каражаттары” темасындагы  №4 тегерек столдун модераторлору болгондор:

Ольга Зеленова -  э.и.к., Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектебинин” доценти, (Пермь ш.) Жүрүм-турумдарды уюштуруу жана адам ресурстарын башкаруу департаментинин башчысынын орун басары, HR-консультант, мекемелердеги  HR-системасын долборлоо маселеси боюнча эксперт (Россия);

Жылдыз Шекекова – бизнес-тренер, корпоративдик билим берүү тармагынын эксперти, менеджмент боюнча консультант, “AlfaLeader”тренинг-борборунун директору (Кыргызстан)

Бизнес-тренер Жылдыз Шекекова №4 тегерек столдо «Онлайн окутууларды жана кризис мезгилинде онлайн-рекрутинг уюштуруу», боюнча презентация жасап,  өзү иштеген компаниядагы корпоративдик бизнес-окутуу жөнүндө айтып берди.  Ал үч багыт боюнча ишке ашырылат: Менеджмент; Маркетинг жана Soft skills сатуу;

Белгисиздик шартында персоналды башкарууда эмнелерге көңүл буруу керек:  

Уюмга персоналды тандоо; азыр эмгек рыногунда эмне болуп жатат; “мүмкүнчүлүктөр терезеси” тууралуу; азыр бизнесте эмне болуп жатат, бизнеске карата чакырыктар, кантип онлайн рекрутинг уюштуруу керек, онлайн рекрутингдин жакшы жактары: “аңгемелешүүгө келген жок”; рекрутердин жана талапкердин убактысын үнөмдөө;     аңгемелешүүнүн ыңгайлуулугу (home interview); электрондук ылгап алуу жана изденүүчүлөрдүн документтерин сактоо.   

Онлайнга киргизүүгө боло турган мыкты  8 тест:

  • КОТ тести
  • Гилфорд тести
  • Сабаттуулукка жана ойлонуунун тездигине карата тест
  • Сынчыл ойломго СТТ-1 карата тест
  • Войнаровскийдин логикалык ойлонууга карата тести  
  • Талдоо жөндөмдүүлүгүнө карата тест
  • Торренс тести
  • DISC сурамжылоо
  1. Уоррен Баффет боюнча үч сапат жана беш суроо:
  • Акылдуу
  • Кыймыл аракеттүү (энергиялуу)
  • Чынчыл
  • Адам өзү чындыкты айтабы?
  • Өзүнүн берген сөзүн аткарабы?
  • Эмгек жамаатында жакшы мамиле түзө алабы?
  • Жоопкерчиликтүүбү?
  • Айткан сөзүндөй аткара алабы?

Тегерек столдо билим берүү мекемелериндей эле бизнес түзүлүшүндө дагы онлайн жана офлайн жумуштарда эмгек акынын төлөнүш маселеси жана оптимизация зарылбы же жокпу тууралуу талкуу болду. 

Бул форумга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу үчүн тегерек столдун бардык катышуучулары Окуу борборуна жана уюштуруучуларга, спикерлерге ыраазычылык билдиришти.