2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору менен Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө институнун “Жогорку экономика мектеби” (Перм ш.) жана Улуу Брит

2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору менен Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектеби” (Пермь ш.) жана Улуу Британиянын “Crown Agents Ltd” компаниясы биргеликте HR-бөлумдөрүнун жетекчилери үчүн “Жаңы реалдуулукта персоналды башкаруу” темасындагы Эл аралык форум өткөрүлдү.

Форумдагы кызыктуу тема Кыргызстандын эмгек рыногу COVID-19 пандемиясын жана  саясий туруксуздук мезгилин кантип өткөргөндүгү болду.

Мамлекеттик түзүлүш же жеке компания экенине карабай бардык уюмдун ийгилиги - тынымсыз өзгөрүп туруучу экономикага карата жетекчиликтин жана эмгек жамаатынын бат көнүп кетиши. Ийгиликке жетүү үчүн озуп кетүүчү кадамдарды жасоо керек, башкача айтканда, бардыгы “Бул маселени кантип чечсем болот экен?” деп ойлонгонго чейин, маселени чечүү жолдорун сунуштоого жетишип калуу.

Россия Федерациясынан канча болсо, биздин Республикабыздан да ошончо болушуп, башка мамлекеттерден дагы жогорку дасыккан эксперттердин төмөнкүдөй маселелерин ортого салууга Форум кенен мүмкүнчүлүктөрдү түздү:

  1. “HRдин актуалдуу тренддери”: Ольга Зеленова -  э.и.к., доцент, Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектеби” (Пермь ш.) жүрүм-турумдарды уюштуруу жана адам ресурстарын башкаруу департаментинин башчысынын орун басары, HR-консультант, мекемелердеги  HR-системасын долборлоо маселеси боюнча эксперт;
  2. “HRдин трансформациялары: жаңы каражаттар  жана приоритеттер”: Самат Ниязбеков – HR тармагындагы эксперт, уюштуруучу психолог, бизнес-тренер, персоналды окутуу жана өстүрүү тармагындагы адис, HR-сыйлыгы ыйгаруу боюнча эл аралык калыстар тобунун  коллегиясынын мүчөсү,  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тартылган тренери.

Чакырылган эксперттер бул форумдун талкуусуна жигердүү катышышты:

Ольга Передеренко – ПАО “СБЕРБАНК” (Россия) HR бизнес-партнеру;

Оксана Кайгородова – Пермь крайындагы ПАО “МТС” директору (Россия);

Ольга Исопескуль - э.и.к., доцент, Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектебинин” Экономика, менеджмент жана бизнес-информатика факультетинин деканы, (Пермь ш.), жүрүм-турумдарды уюштуруу жана маданият тармагындагы эксперт (Россия);

Надежда Пархоменко – “Демир Кыргыз Интернешнл Банк” ЖАКнын эмгек ресурстары бөлүмүнун жетектөөчү адиси (Кыргызстан)

      Панелдик талкуудан кийин бардык катышуучулар өздөрү үчүн актуалдуу болгон керектүү маселелери жана кызыкчылыктары боюнча төмөнкүдөй тегерек столдорго бөлүнүштү:

№1 Тегерек стол “Алыскы аралыктагы команданы башкаруу же болбосо команданы кантип “алыскы аралактан иштөөгө” жоготуусуз алып өтүүгө болот”

Модераторлор:

Бурулкан Молдобекова – “ХЕППИджоб” ЖЧКнын башкы директору, сертификаты бар профконсультант жана персоналды башкаруу тармагынын бизнес-тренери (Кыргызстан);

Илона Колос - Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектебинин”  кесиптик кайра даярдоо факультетинин деканынын орун басары Пермь ш. (Россия);

Лариса Кокарева - “Crown Agents Ltd” компаниясынын Борбордук Азиядагы аймактык кеңсесинин жетекчиси (Улуу Британия)

№2 Тегерек стол “Ийгиликке карата курс: жетекчилердин компетенциясын кантип жогорулатуу керек”

Модераторы:

 

Ольга Мондрус – э.и.к., Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектебинин” (Пермь ш.) Жүрүм-турумдарды уюштуруу жана адам ресурстарын башкаруу департаментинин доценти (Россия);

Татьяна Останина – УИУ ЭЖМ практик –окутуучусу (Пермь ш.), ICBT бизнес-тренери, коуч (Erickson Coaching International Professional Coach), HR бизнес-партнеру (клиенттердин арасында: “Анкор” жана “Аванта” кадрдык холдингдери, “Диомид” медициналык борбору,  УРСА-Банк, МДМ-Банк, “МагнатТрейдЭнтерпрайз” ААК, “РосЭнергоХол-динг” ААК, “НорманВиват” МК) (Россия)

№3 Тегерек стол “Кызматкерлер менен иштөөдөгү эмоционалдык натыйжалуулук”

Модераторлор:

Марина Полосухина - Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектебинин” Менеджмент департаментинин улук окутуучусу (Пермь ш.) эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү (ЕАСЕIP) боюнча тьютор, “Эрмелис” проактивдүү өнүгүү борборунун жетекчиси, бизнес-тренер, игропрактик (Россия)

№4 Тегерек стол “Белгисиздик шартында персоналды башкаруунун оптимизациясы жана антикризисттик каражаттары” 

Модераторлор:

Ольга Зеленова -  э.и.к., Улуттук изилдөө институтундагы “Экономиканын жогорку мектебинин” доценти, (Пермь ш.) Жүрүм-турумдарды уюштуруу жана адам ресурстарын башкаруу департаментинин башчысынын орун басары, HR-консультант, мекемелердеги  HR-системасын долборлоо маселеси боюнча эксперт (Россия);

Жылдыз Шекекова – бизнес-тренер, корпоративдик билим берүү тармагынын эксперти, менеджмент боюнча консультант, “AlfaLeader”тренинг-борборунун директору (Кыргызстан)

Форумдун модераторлору:

Елена Шадрина - э.и.к., УИУ “Экономиканын жогорку мектебинин” Экономика, менеджмент жана бизнес-информатика факультетинин доценти,  УИУ ЭЖМ эл аралык өнүктүрүү боюнча директоруунун кеңешчиси Пермь ш. (Россия);

Эрке Турдумамбетова – э.и.к., доценти, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору

Форумдун катышуучулары үчүн уюштурулду:

  • Катышуучулар бири-бири менен бейформал шартта маектешип жана ой-пикирлерин, кызыктырган маселелерин ортого салып, байланыш даректерин  алмашуучу ZOOM-кафе;

Кызматкерлердин кесиптик билимдери маселесин талкуулоо максатындагы WhatsApp-чатта:

  • Ачык билим берүү рыногундагы сунушталган кесипти жогорулатуучу программалар маселелери жөнүндөгү актуалдуу маалыматтарды алуу;
  • Окутуунун жана персоналды өстүрүүнүн корпоративдик программаларын “акырына чейин” иштеп чыгууга өтүнмөлөрдү калтыруу

Форумга 6 мамлекеттин өкүлдөрү катышты: Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия Федерациясы жана Улуу Британия.