Кызматташуу жөнүндө Макулдашуу түзүлдү

2020-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору менен Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин (ӨР) жана Урал мамлекеттик экономикалык университетинин (РФ) ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуу түзүлдү.    

Бул Макулдашуунун максаты катышуучу жактардын ортосундагы академиялык, билим берүү, маданият жана башка өз ара кызматташуунун түрлөрүн аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.   

Кызматташуунун негизги багыттары:

  1. Академиялык алмашуу, анын ичинен окутуу, илим изилдөө жана тараптардын кызыкчылыгын аныктаган жумуштун башка тармактары боюнча тажрыйба алмашуу;
  2. Административдик кызматташууда тажрыйба алмашуу үчүн мобилдүүлүк программасын иштеп чыгуу;      
  3. Биргелешкен билим берүүчү  жана изилдөөчү программаларды, алардын компоненттерин  иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  4. Изидөөлөрдү жана басылмаларды  биргеликте ишке ашыруу;  
  5. Конференцияларды, семинарларды, форумдарды ж.б биргеликте уюштуруу жана өткөрүү;
  6. Окуу жана практикалык материалдарды иштеп чыгуу жана алмашуу ж.б.

КР Финансы министрлигинин Окуу борбору бул макулдашууга ыраазы болуу менен мамлекеттик финансыларды башкаруу тармагындагы жана келечекте болуучу башка багыттардагы макулдашууларды дагы четке какпайт.

Биздин коллегалар жөнүндө кыскача маалымат:

ТМЭУ менен УрМЭУ биргелешкен билим берүү программасы 2018-жылдын 5-майындагы Өзбекстан Республикасынын Президентинин “Жогорку билим берүү мекемелеринин билим сапатын жогорулатуу боюнча кошумча чаралар жана өлкөдөгү жүрүп жаткан кенен масштабдуу реформага алардын жигердүү катышуусун камсыздоо жөнүндө” №3775 Токтомунун 7 пунктунун негизинде өз ишмердүүлүгүн баштаган. Макулдашуунун негизинде студенттерди окутууну уюштуруу практикасын киргизүү жана Өзбекстандын жогорку билим берүү мекемелери менен чет өлкөлөрдүн биргелешкен билим берүү программалары жана эки жакка бирдей жарай турган дипломдорду берүү маселеси бекитилген.

ТМЭУ студенттерине УрМЭУ билим берүү программаларын параллель өздөштүрүүнү камсыздоо тууралуу  ТМЭУ менен УрМЭУ ортосундагы  кызматташууга 2018-жылдын 15-августунда  Федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесинин жогорку билим берүүчү  УрМЭУ ректору Я.П.Силина жана ТМЭУ ректору Б.Ю.Ходиева тарабынан келишим түзүлүп, кол коюлган.