2020-ЖЫЛДЫН 23-НОЯБРЫНАН 27-НОЯБРЫНА ЧЕЙИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БАТКЕН ЖАНА ТАЛАС ОБЛАСТТАРЫНДАГЫ БАШКАРМАЛЫКТАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ, АЙЫЛ

2020-ЖЫЛДЫН 23-НОЯБРЫНАН 27-НОЯБРЫНА ЧЕЙИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БАТКЕН ЖАНА ТАЛАС ОБЛАСТТАРЫНДАГЫ БАШКАРМАЛЫКТАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ, АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН ФИНАНСЫ ЭКОНОМИКАЛЫК БӨЛҮМДӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮҮДӨ.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жана Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцарияны өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору менен биргеликте 2020-жылдын 23-ноябрынан 27-ноябрына чейин “Жарандык бюджетти түзүү” темасында квалификацияны жогорулатуучу онлайн курс уюштурулду.

Тренингдин максаты: Баткен жана Талас областы боюнча КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жетекчилерин жана айыл өкмөттөрүнүн финансы экономикалык бөлүмдөрүнүн башчыларын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиндеги жарандык бюджетти түзүүнүн талаптары жана жарандык бюджетти түзүүдөгү веб-багытындагы тиркеме менен тааныштыруу болуп саналат.

Мындай керектүү маалымат үчүн Баткен жана Талас областтары боюнча КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери, шаар мэрияларынын финансы боюнча жетекчилери жана айыл өкмөттөрүнүн финансы экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары  компьютерден жана телефондон Zoom платформасы аркылуу интернетке туташып, онлайн билимге ээ болуп жатышат. Тренингдин биринчи күнүндө эле, б.а. 23-ноябрда катышуучулардын саны 26 кишини түздү. Тренинг кыргыз тилинде өткөрүлдү.

КР ФМ Окуу борборунда уюшулуп жаткан “Жарандык бюджетти түзүү” темасында ДББТ (Дистанттык билим берүү технологиясын) колдонуу менен окутулуучу окуу курсун угуучулар жогорку суроо-талап менен кабыл алышууда.

 

Онлайн курста катышуучулардын теориялык билимдерин жана практикалык жөндөмдөрүн жогорулатуучу, ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тиешелүү болгон жети тема бар:

  1. Жарандык бюджетти түзүүнүн укуктук негиздери;
  2. ЖӨБ органдарында жарандык бюджетти түзүүнүн усулдары;
  3. Жарандык бюджетти түзүүдө веб-багытындагы тиркеме;
  4.  Жарандык бюджетти колдонуу жана элге маалымат берүүнүн  жолдору;
  5. Логин жана сыр сөз аркылуу системага кирүү;
  6.  Байланыш маалыматар жана жалпы маалымат;
  7. СЭӨП жана Бюджеттик долбоор, Бюджеттен тышкаркы инвестиция бөлүктөрүн толтуруу.

Курстун окутуучусу - “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун адиси Мамытов Азамат.

Бул онлайн сабак суроолор жана жооптор аркылуу бышыкталат, анын жыйынтыгы менен кызматкерлер керектүү билимдерин жогорулатууга жетишет.