2020-жылдын 18-ноябрында “Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жана тескөөдө коррупцияга каршы чаралар” темасында онлайн түрүндөгү Эл аралык тегерек стол өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору (РФ,  Пермь ш.) УИУ “Экономиканын жогорку мектеби”жана «Crown Agents» британиялык компания менен биргеликте Эл аралык коррупция менен курөшүү күнүнө карата 2020-жылдын 18-ноябрында “Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жана тескөөдө коррупцияга каршы чаралар” темасында онлайн түрүндөгү Эл аралык тегерек стол өткөрдү.

Тегерек стол2020-жыл - Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кайчылаш жылына” арналган.

Бул тегерек столдун максаты: Мамлекеттик сатып алууларды коррупцияга каршы тескөөдө аймактык жана эл аралык тажрыйбаларды практикалык талкуулоо жана сатып алууларды жүргүзүүгө коррупцияга каршы чараларды киргизүү.  

 

Тегерек столдо төмөнкүдөй маселелер талкууланды: 

 

  1. «Crown Agents» (Улуу Британия) британиялык компаниянын Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Лариса Кокарева Улуу Британия менен Казакстандын тажрыйбасын ачыктады;
  2. Россия Федерациясынын Финансы министрлигиндеги сатып алуулар мониторингинин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет тууралуу (РФ,  Пермь ш.) УИУ “Экономиканын жогорку мектебинин” Экономика, менеджмент жана бизнес-информатика факультетинин доценти э.и.к. Елена Шадрина айтып берди.  
  3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү процесси жана бул процессти коштогон тобокелдиктер боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакова сөз сүйлөдү; 
  4. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупцияга каршы чараларды киргизүүнүн Өзбекстан Республикасындагы тажрыйбасын Өзбекстан Республикасынын Финансы министрлигинин башкы адиси Мухаммаддиёр Матчанов ортого салды.   
  5. Тегерек столдун модератору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору, доцент, э.и.к.  Эрке Турдумамбетова болду.

 

Бул тегерек столдо мамлекеттик сатып алуулардагы коррупцияга каршы аракеттердин механизмдерине өзгөчө токтолушту:

  1. Мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  2. Улуттук же аймактык автоматташтырылган сатып алуулардын системалары;
  3. Сатып алуулардын план-графиктерин түзүү;
  4. Ченемдөө (өндүрүмгө коюлуучу талаптар, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын аткарган иштерин камсыздоого карата чыгымдарды ченемдөө);
  5. Сатып алууларды коомдук талкуулоо;
  6. Сатып алууларды борборлоштуруу;
  7. Контрактык келишимдеги баштапкы максималдуу бааны аныктоо;
  8. Типтүү документтерди түзүү;
  9. Чакан көлөмдөгү сатып алууларды тескөө;
  10. Сатып алуулар чөйрөсүндөгү усулдук камсыздоо;
  11. Сатып алуулар чөйрөсүндөгү мониторинг жана  көзөмөл;
  12. Сатып алуулар боюнча адистердин деңгээлин (колдоо) көтөрүү жана кесиптик билимдерин жогорулатуу;
  13. Сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы аракеттердин эрежелери жана заманбап ченемдер;
  14. Маалыматтар базасын өстүрүү жана маалыматтар менен иштөө;
  15. Сатып алуулардын максималдуу ачык-айкындуулугун камсыздоо;
  16. Саясий чечимдерди кабыл алууда тобокелдиктерди көзөмөлдөө;
  17. Буйрутмачыларды жана ишкерлерди усулдук жана консультациялык жактан колдоо;
  18. Келишимдеги ак ниетүү фактыларды сыйлоо (көтөрмөлөө) ж.б.

Эл аралык тегерек стол кызыктуу жана жемиштүү өттү. Катышуучулардын жалпы саны 4 мамлекеттен: Өзбекстандан, Кыргызстандан, Россиядан жана Улуу Британиядан 55 кишини түздү.