2020-ЖЫЛДЫН. 17-НОЯБРЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ «ЛОГИСТИКАНЫН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫН ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ (ОБСЕРВАТОРИЯСЫ)» АЧЫЛДЫ.

2020-жылдын. 17-ноябрында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин «Логистика» кафедрасында өтүп жаткан «Логистиканын жана Мамлекеттик сатып алуулардын изилдөө борборунун (обсерваториясынын)» Кыргыз Республикасында  биринчи жолу ачылышына КР ФМ Окуу борборунун директору Турдумамбетова Эрке Доолотбековна катышып келди. 

Ачылыштын жүрүшүндө «Логистиканын жана Мамлекеттик сатып алуулардын изилдөө борборунун» келечектеги өнүгүүсү жана КР ФМ Окуу борбору менен андан аркы кызматташуусу жөнүндө сөз болду.  

Обсерватория Мамлекеттик сатып алуулар боюнча аналитикалык борбор болот, анда тажрыйба алмашуу үчүн кызыккан тараптар жана сатып алуулардын алдыңкы тажрыйбасындагы мыйзамдык жана ченемдик база жөнүндөгү пикирлер үчүн платформа жаралып, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкындуулугуна жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүлөт.

Борбордун максатарынын катарында:

Эксперттердин, окумуштуулардын жана кесипкөйлөрдүн желедеги группасын (сеть) түзүү;

Расмий жана расмий эмес талкуулар жана чечим кабыл алуучу кызматтык жактар менен маалымат алмашуу;

Ар түрдүү аспектилерге тиешелүү сатып алуулар тууралуу келишим түзүүдө маалыматтарды топтоо жана талдоо, өз убагында кызмат көрсөтүү жана аларды аткаруунун натыйжалуулугу.