БӨЛҮМДӨРДҮН HR- ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ҮЧҮН “ЖАҢЫ КООМДО ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ” ТЕМАСЫНДАГЫ ФОРУМ

Бөлүмдөрдүн HR- жетекчилери үчүн “Жаңы коомдо персоналды башкаруу” темасындагы форум

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору  менен (Россия Федерациясы)Перм шаарындагы  Улуттук изилдөө университетинин “Экономиканын жогорку мектеби” биргеликте жана «Crown Agents Ltd» (Улуу британия) компаниясы менен чогуу “Жаңы коомдо персоналды башкаруу” темасында 2020-жылдын 3-декабрында (Бишкекте) саат 13:00 до 17:00 YouTube түз көрсөтүүсү менен Zoom платформасында өтүүчү HR-форумга катышуу үчүн чакырат.    

Форум бөлүмдөрдүн HR- жетекчилери үчүн уюштурулган.

Форумда HR  тармагындагы актуалдуу жана перспективдүү каражаттар жана технологиялар, ошондой эле кызматкерлердин жеке жана кесиптик билимдерин жогорулатуу маселеси каралат.   

  1. Форумдун актуалдуу тренддери
  2. HR трансформациясы: жаңы каражаттар жана приоритеттер
  3. Алыскы аралыктагы командаларды башкаруу же кантип жоготуусуз команданы “аралыктан” иштөөгө өткөрүү
  4. Ийгиликке карата курс: кантип жетекчилердин компетенциясын жогорулатуу керек
  5. Кызматкерлер менен иштөөдө эмоционалдуу натыйжалуулук (воркшоп)
  6. Белгисиз мезгилдин шарттарында персоналды башкаруунун антикризистик каражаттары жана оптимизациясы

Форумдун катышуучуларына  ой-пикирлерин алмашуу жана бири-бирине даректерин берүү үчүн, кызматкерлердин кесиптик билимдери тууралуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Сиздин катыша турганыңызды бышыктоо максатында, 2020-жылдын 27-ноябрына чейин төмөнкү ссылка боюнча катталууңузду өтүнөбүз: http://perm.hse.ru/polls/414671985.html

КР ФМ ОБ уюштуруу комитети: Джабаева Айдана, djabaeva.a@gmail.com. Тел: +996 (555) 333 487, + 996 (556) 700 587 (WhatsApp)

 

Уюштуруучулар

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Окуу борбору   

УИУ ЭЖМ - Пермь

Crown Agents Ltd. (Улуу британия)

Форумдун  программасы