КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ 2020-ЖЫЛДЫН 19-ОКТЯБРЫНАН 23-ОКТЯБРЫНА ЧЕЙИН “МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ” ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУН КАДАМЖАЙ ШААРЫНДА ӨТКӨ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору 2020-жылдын 19-октябрынан 23-октябрына чейин “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы окуу курсун  Баткен областынын Кадамжай шаарында өткөрөт.

Окутуунун негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин  мамлекеттик сатып алуулар багытындагы кесиптик билим деңгээлдерин жогорулатуу болуп саналат.

Бул окуу курсун КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун  Ош шаарындагы филиалындагы окутуучулар командасы - Абдыкаров Толубай Абдыкарович жана Хабибуллина Асия Сайфуддиновна жүргүзөт.

Семинардын катышуучулары окутуунун жүрүшүндө зарыл болгон билимдерге ээ болушат жана мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы кызыктырган суроолорго жооп ала алышат.