2020-ЖЫЛДЫН 16 жана 17-СЕНТЯБРЫНДА КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА «МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУДАГЫ МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАЛАР» ТЕМАСЫНДАГЫ ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ.

2020-жылдын 16 жана 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кесиптик билим деңгээлдерин жана потенциалдарын жогорулатуу максаты менен «Мамлекеттик башкаруудагы маалыматтык системалар» темасындагы тренинг өткөрүлдү.  

Окутууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МТБМК «Инфо Система» МИнин серепчилери - Калысов Тилек Калысович жана Темирлан уулу Тобокел өткөрүштү.

Сабактын жүрүшүндө тренингдин катышуучулары зарыл билимдерге ээ болуу менен маалыматтык программалар боюнча кызыккан суроолоруна жооп алышты.