«МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ» ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУ БОЮНЧА ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА 2020-ЖЫЛДЫН 7-СЕНТЯБРЫНАН БАШТАП КР АЙМАКТАРГА БАРЫП ОКУТУУ УЮШТУРУЛДУ

Азыркы учурда КР ФМ Окуу борбору «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» темасы менен аймактарга барып окутуучу курсун 2020-жылдын 7-сентябрынан 11-сентябрына чейин КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын, айыл аймактарынын, токой чарбачылыгынын жана социалдык өнүктүрүү ж.б. уюмдардын сатып алуулар боюнча 21 адиси үчүн Ысык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылында уюштурду.

Окутуунун негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистеринин деңгээлдерин(потенциалдарын) жана билимдерин жогорулатуу.  

Окуу курсун КР ФМ Окуу борборунун мыкты окутуучулары: Кудаяров Сагын Сапарбаевич жана Озумбеков Улан Догдурбаевич өткөрүштү.

Семинардын катышуучулары сабактын жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы зарыл болгон билимдерге ээ болушту жана кызыктырган суроолоруна жооп алышты.