КОМАНДА ТҮЗҮҮ ЖАНА ТҮРТКҮ БЕРҮҮ

КОМАНДА ТҮЗҮҮ ЖАНА ТҮРТКҮ БЕРҮҮ

2020-жылдын 12-сентябрында КР Финансы министрлигинин Окуу борбору КР Финансы министрлигинин башкармалыктарынын начальниктеринин, бөлүм/сектор башчыларынын потенциалын жогорулатуу максаты менен, биримдиктеги командага жана дымактуу максатка жетүүнү үйрөтүүчү интерактивдик тренингдер сериясынан биринчи жолу “Команда түзүү жана түрткү берүү” темасындагы окуу курсун баштады.

Тренинг команда жаратуунун заманбап теорияларына жана практикаларына негизделип, окутуунун интерактивдик усулдарынан жана формаларынан турат.Башка сөз менен айтканда, катышуучулардын тренер менен жана өз ара дагы биргеликте аракеттенүүсүн талап кылуучу окутуу формалары . Тренинг өткөрүүдө, окуп жаткан адамдын талабына жана алардын маселесин чечүүгө басым жасалат.

Жумуштагы ийгилик бир эле статегиядан эмес, туура коюлган максаттан жана пландоодон дагы көз каранды. Жакшы тандап алынган эмгек жамааты жана так коюлган максат ийгиликке жетүүдө маанилүү орунду ээлейт.

 Ар бир жетекчинин кыял-масаты- азыраак кийлигишүүнү талап кылып, сааттай болуп иштеп кете турган механизмди түзүү. Ал эми биримдиктеги команда  – ошол механизмдин ишенимдүү негизи. Талдап көргөндө, эң ийгиликтүү командаларда жөнөкөй эле мыйзамдуулук бар,бул - бир максат менен биргеликте ойду иш жүзүнө ашырган, ишине берилген адамдардан түзүлгөн жамаат.  

Тренингди Ниязбеков Самат алып барат. Ал - башкаруу жана дипломатия тармагында Россия премиясынын лауреаты жана ар кандай тармактагы компаниялардын: телекоммуникация, банк секторлору  жана тоо-кен өндүрүшүж.б. персоналдары менен иштөө тажрыйбасына ээ:

Ондогон жылдар тренинг өткөрүү тажрыйбага ээ болгон С.М. Ниязбековдун 500дөн ашык сааттагы корпоративдик окутуу программалары бар, ал HR консультанты катары республикалык жана эл аралык долбоорлорго, ошондой эле HR сыйлыгынын Казахстандагы и Өзбекстандагы эл аралык эксперттик калыстар тобуна тартылган.