2020-ЖЫЛДЫН 7-СЕНТЯБРЫНАН БАШТАП КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА КҮНДҮЗГҮ ОКУТУУ БОЮНЧА ЭКИ ГРУППА ОКУТУЛА БАШТАДЫ

Ар бир адам ойлосо керек, мамлекеттик сатып алуулар эмне үчүн керек?? Албетте аны колдонууда туура мамиле жасоо түздөн-түз натыйжанын жогорулашына алып келет. 

Мамлекеттик сатып алуулар –сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик каражаттардын үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо болуп саналат.

Эгерде сиз мамлекеттик сатып алууларды кереңирээк билгиңиз келсе, анда КР Финансы министрлигинин Окуу борборуна келиңиз, бул жерде күнүгө өтүнмө-арыз кабыл алынат. 

2020-жылдын 7-сентябрынан баштап КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда күндүзгү окутуу боюнча эки группа “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу (базалык курс)” жана “Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларын башкаруу (тереңдетилген курс)” темалары боюнча окутула баштады.