КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА “МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУДАГЫ МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАЛАР” ТЕМАСЫ БОЮНЧА ОКУТУУ КУРСУ ОКУТУЛУУДА

2020-жылдын 26 жана 27-АВГУСТУНДА КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА “МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУДАГЫ МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАЛАР” ТЕМАСЫ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТҮҮДӨ

2020-жылдын 26 жана 27-августунда КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин потенциалдарын жана билимдерин жогорулатуу максатында “Мамлекеттик башкаруудагы маалыматтык системалар” темасы боюнча  тренинг болууда.

Окутууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МТБМК «Инфо Система» МИнин серепчилери - Калысов Тилек Калысович жана Темирлан уулу Тобокел өткөрүштү.

Сабактын жүрүшүндө тренингдин катышуучулары зарыл билимдерге ээ болуу менен маалыматтык программалар боюнча кызыккан суроолоруна жооп алышты.