КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА “БЮДЖЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ҮЧҮН 1С: БУХГАЛТЕРИЯ” ТЕМАСЫ БОЮНЧА ОКУТУУ КУРСУ ОКУТУЛУУДА

2020-жылдын  24-августунан 28 августуна чейин КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлеринин потенциалдарын жана билимдерин жогорулатуу максатында “Бюджеттик мекемелер үчүн 1С: Бухгалтерия” темасы боюнча окутуу курсу жүргүзүлүүдө.  

Окутууну жогорку дасыккан практик, бухгалтер-экономист Абдышева Рахат Турдукуловна өткөрүүдө.

“Бюджеттик мекемелер үчүн 1С: Бухгалтерия” программасындагы сабактын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери бухгалтердик эсеп жүргүзүү жана толтуруу боюнча зарыл болгон билимдерге ээ болушту.