"МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ" ТЕМАСЫНДАГЫ БАЗАЛЫК ОНЛАЙН КУРСУ

Акыркы айлардагы кырдаал көрсөткөндөй, азыр бизнеске да, бөлүмдүн адиси катары да көп нерседен кабардар болуу маанилүү болуп эсептелет. Финансы министрлигинин Окуу борбору бүтүндөй өлкө боюнча адистерди онлайн режиминде окутуу ишин токтотпостон уланта бермекчи.

“Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” онлайн курсу сатып алууларды уюштуруучу жана аны ишке ашыруучу кызматкерлердин билимин жогорулатууга багытталып,  тажрыйбалуу да,  баштоочу да  кызматкерлерге ылайыкталган. 

Курстун максаты: Сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык керектөөлөрдү жана алардын колдонуусун камсыздоо үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү регламентөөчү учурдагы иштеп жаткан мыйзамдын алкагында системдүү жана актуалдуу билим алуу.

Курс 20 акад. сааттан турат (5 күн).

Окуу Zoom платформасында жүргүзүлөт.

Окуу курсунун натыйжалуу жыйынтыгы менен I деңгээлдеги сертификат берилет.

 

1. Өтүнмөнү (заявканы) уюмдун расмий фирмалык бланкына жазуу жана каттоо анкетасын толтуруу зарыл.

2. Группаны (Кыргыз тилиндеги/орус тилиндеги) тандоо керек.

3. Окуутууга карата келишим түзүлүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин гана курска кирүүгө уруксат берилет.

4. Сиздин окууңуз ноутбук жана телефон аркылуу  Вы можете обучатся через .

5. Сизин компютериңизге Zoom программасын орнотууга техникалык администратор жардам берет.

6. Алдын ала Сиздин почтаңызга бардык таркатылуучу материалдар жөнөтүлөт.

7. Сабак жаздырылып алынат, аны өз алдыңызча кайрадан көрүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

Кошумча маалыматтардын сайттары: www.uc.okmot.kg, www.minfin.kg, www.zakupki.gov.kg.

Cуроолор боюнча телефон: +996 (312) 661 597 факс: 625 852, электрондук почта: ucmfkr@gmail.com

Дареги: Бишкек ш., Эркиндик бульвары 58 «А».