2020-жылдын 7-июлунда “COVID-19 пандемиясынын шартында берүүлөрдүн чынжырларын башкаруу жана сатып алуулар” темасындагы Эл аралык онлайн семинар болуп өттү 

2020-жылдын 7-июлунда “COVID-19 пандемиясынын шартында берүүлөрдүн чынжырларын башкаруу жана сатып алуулар” темасындагы Эл аралык онлайн семинар болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, Улуттук изилдөө университетинин "Экономика жогорку мектеби" (РФ, Пермь ш.) жана “CrownAgents” британиялык компаниясы биргеликте 2020-жылдын 7-июлунда “COVID-19 пандемиясынын шартында берүүлөрдүн чынжырларын башкаруу жана сатып алуулар” темасындагы Эл аралык онлайн семинар уюштуруп  өткөрүштү. 
Алгачкы куттуктоо сөзүн КР Финансы министрлигинин статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич сүйлөдү. Ал ыкчам сатып алууларды  уюштуруу жана берүүлөрдүн чынжыры менен байланышкан көйгөйлөр бүгүнкү күндө абдан актуалдуу экендигин, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын мезгилинде аларды чечүүнүн жолдору биринчи кезекте зарыл экендиги ушул семинардын негизги темасы боло тургандыгын белгилеп өттү. Финансы министрлигинин ишмердүүлүктөрү бүтүндөй республиканын жана элибиздин бакубаттуулугунан көз каранды. Мыкты түзүлгөн жана балансталган бюджет туура ой жүгүрткөндө жана чыныгы шартты эске алган учурда, экономиканын мыйзамдарына жооп бериши керек. Азыркы коронавирус мезгилиндеги максат бул, калкты дары-дармектер жана жеке сактануучу каражаттар менен камсыздоо үчүн өз учурундагы берүүлөрдү уюштуруу болуп саналат. 
Семинардын спикерлери: Дубайдагы Crown Agents компаниясынын өкүлчүлүгүнүн директору Брайн Ричмонд, Украинадагы Crown Agents компаниясынын аймактык менеджери Татьяна Коротченко жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Байзакова Нурида Асановна, сатып алуулар менен байланышкан көйгөйлөр көп өлкөлөрдө окшош экендигин, ошондуктан азыркы учурда мындай көйгөйдү чечүүдө бир кыйла оптималдуу, жакшы жыйынтык берген ыкмалардын тажрыйбалары менен бөлүшүү зарыл болуп тургандыгын белгилешти. Азыркы пандемия мезгилинде саламаттыкты сактоонун глобалдык системасы жана берүүлөрдүн фармацевтикалык чынжырлары басым алдында турушат, ошондуктан тесттик наборлордун жана фармацевтикалык берүүлөрдүн талап кылынуучу стандарттарга ылайык сапаттык жактан камсыздалышы чечүүчү мааниге ээ экендигин айтышты.     
Онлайн-семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин башкы адиси Молдоташев Анварбек, ошондой эле Өзбекстан Финансы министрлигинин өкүлдөрү Хамидова Ирода, Рахимова Гульнора, Болтаев Санжар, Абдужамилова Мавлюда, тездик менен адилеттүү рыноктук баадагы дары-дармектерди жана сапаттуу товарларды сатып алуу менен калкты камсыздоону кечиктирбестен жүргүзүү абдан маанилүү деген көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгышты. Ал эми илимий жана педагогикалык кызмакерлер мындай иш-чараларды өз учурунда өткөрүү зарыл жана бүгүнкү күндө актуалдуу деген ойлорун билдиришти.