2020-жылдын 16- 17-ИЮНУНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА "МЖӨ" темасы боюнча окуу курсу өткөрүлдү

2020-жылдын 16- 17-ИЮНУНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА "МАМЛЕКЕТТИК- ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК" темасы боюнча окуу курсу өткөрүлдү.
2020-жылдын 16-17-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле бизнес жана жарандык сектордун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу, квалификациясын өркүндөтүү максатында, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү, инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жеке инвестицияларды тартуу жана МЖӨнүн долбоорлорун даярдоо, жүзөгө ашыруу боюнча темаларды камтыган окуу курсу өткөрүлдү.  
Окуу курсун жогорку квалификациялуу адистер, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун башкы эксперттери Аширова Гавхар Сабирджановна жана Момбеков Санжар Таалайбековичтер өткөрүштү.
Окуу курсунун жүрүшүндө семинардын катышуучулары, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк темасын камтыган пайдалуу маалыматтарды жана суроолоруна жоопторду алышты.