Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу максатында, 2020-жылдын 15-июнунан 19-июнуна чеийн “Бюджеттик уюмдар үчүн 1С: бухгалтериясы” темасындагы окуу курсу өткөрүлүүдө.
     Окуу курсун жогорку квалификациялуу бухгалтер-экономист, практикалык тажрыйбага бай Абдышева Рахат Турдукуловна өткөрүүдө.
Окуу курсунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери бюджеттик мекемелер үчүн 1С программасы боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана толтуруу боюнча керектүү билимге ээ болушууда.