Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Экономика жогорку мектеби”

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Экономика жогорку мектеби” улуттук изилдөө университети Пермь ш., (Россия Федерациясы), «Crown Agents Ltd» компаниясы (Улуу Британия) биргеликте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун колдоосу менен 2020-жылдын 26-майында онлайн режиминде “Кошумча кесиптик билим берүүдөгү заманбап тренддер: түшүнүүдөн ишке ашырууга карай” темасында эл аралык илимий-практикалык конференциясын уюштуруп өткөрүштү. Конференция “2020-жылга – Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кайчылаш жылына” арналып уюштурулган.
Иш-чаранын негизги максаты: кошумча кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү багыттарын жана артыкчылыктарын (приоритеттерин) аныктоодо илимдин, практиканын жана коомчулуктун аракеттерин бириктирүү, ошондой эле кошумча билим берүү жаатындагы адистердин тажрыйба алмашуусу. 
Онлайн-конференцияда төмөнкүдөй маселелер каралды:
•    COVID-19 менен байланышкан азыркы кырдаалдын контекстинде кошумча кесиптик билим берүү үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр; 
•    Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү улуттук системасынын кадрдык жана окуу-билим берүү потенциалын күчөтүү;
•    Кошумча кесиптик билим берүүнүн эл аралык тажрыйбасы;
•    Ааламдашуу шартындагы кошумча кесиптик билим берүүнү уюштурууну өркүндөтүү стратегиясы;
•    Мастер класс: “Онлайнга өтөбүз: дарстар, семинарлар, текшерүү иштери жана экзамендер үчүн форматтар, усулдар, инструменттер”; 
•    Мектептердин мугалимдерине үзгүлтүксүз кошумча билим берүү. Университет мектептерге кантип жардам бере алат? (мектептердин, училищалардын жана техникумдардын мугалимдерине жана жетекчилерине кошумча билим берүүнү уюштуруунун инновациялык формалары жөнүндө).

Конфренцияга 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышты:
-    Өзбекстан Республикасынын Финансы министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын начальниги Нурматов Ботир Эркинович;
-    Грузиянын Финансы министрлигине караштуу Академиянын директору Тато Чулухадзе,;
-    Азербайджандын Финансы министрлигине караштуу Окуу борборунун  директору Гусейнов Эльман Исламович;
-    Өзбекстан Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Окуу борборунун  директору Хамидова Ирода Гафуровна;
-    Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин "Корпоративдик башкаруу" кафедрасынын профессору э.и.д. Карлибаевна Рая, ошондой эле "Финансы жана салыктар" кафедрасынын доц. э.и.к. Комолов Одилжон;
-    Алмата шаарындагы  "Кайнар" Академиясынан Толенди Ашимбаев;
-    Нур-Султан шаарындагы “Өрлеу” Билимдерди жогорулатуучу улуттук борборунан Мурат Асамбаев; 
-    “Crown Agents Ltd” (Улуу Британия);
-    “Экономика жогорку мектеби” Пермь ш., (Россия Федерациясы);
-    Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна караштуу Окуу борборлорунун жетекчилери: ББИМ, ИИМ, ӨКМ, ТЖМ, Соцфонд, ФЧМК, МСК. МБК, ЖАМК, Кыргызстан УЭТ ж.б.;
-    БААУ, КРСУ, КМТУ, КМКТАУ, КУУ, БАУ, КРПМБА, КММА, ЭБУКжанаБА, КЭУ, ЖАМУ, ОшМУ, ОшТУ, КЭАУ, НМУ, КӨУ, ББЗИТИ ж.б.у.с. өлкөбүздүн алдыңкы катардагы жогорку окуу жайларынан: 170 ашык илимдин докторлору, кандидаттары, илимий жана педагогикалык кызматкерлер;
-    орто жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин  70 жетекчиси 
Катышуучулардын жалпы саны - 264 киши.