МЕМОРАНДУМ ТҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Меморандум түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору менен “Экономика жогорку мектеби” улуттук изилдөө университети (Россия, Пермь ш.) академиялык, билим берүү, маданий жана кызматташуунун башка түрлөрүн өркүндөтүү жана бекемдөө максатыда, 5 жылга кызматташуу жөнүндөгү Меморандумга кол коюуну жарыялашты.

2020-жылдын Кыргыз Республикасы менен  Россия Федерациясынын ортосундагы кайчылаш жылы болуп жарыяланышынын алкагында, билим берүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салуучу  өз ара кызыкчылыктарды жетекчиликке алуу менен, бул эки билим берүү мекемеси (КР ФМ Окуу борбору жана ЭЖМ улуттук изилдөө университети) Меморандумга кол коюу чечимин кабыл алышты.

КЫЗМАТТАШУУНУН БАГЫТТАРЫ

 Академиялык алмашуулар, анын ичинде окутуу, илим изилдөө жана башка эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн башка тармактар боюнча тажрыйба алмашуу;

 Жетекчи (Административдик) кызматкерлер үчүн тажрыйба алмашууга мобилдик программаларды ишеп чыгуу;

 Биргелешкен (сеттик) билим берүүчүлүк жана изилдөөчүлүк программаларды жана алардын компоненттерин  иштеп чыгып, ишке ашыруу;

 Биргеликте изилдөөлөрдү жүргүзүү жана басылмаларды чыгаруу;

 Биргелешкен билим берүү, илимий, маданий иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү ( конференцияларды, семинарарды ж.б.)  

     

  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Э.Д. Турдумамбетованын сөзү боюнча, меморандумга кол коюу бир нече айлык эмгекти талап кылды. Бул аралыкта 2020-жылдын 26-майында өтүүчү “Кошумча кесиптик билим берүүдөгү заманбап тренддер: түшүнүүдөн ишке ашырууга карай” темасындагы эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциянын даярдыгы бүтүп, өткөрүлгөнү турат. 

Конференциянын жүрүшүндө, бир эле онлайн талаасында Россия Федерациясынын, Грузиянын, Азербайжандын, Казакстандын,Улуу Британиянын жана Кыргызстандын адистери: жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептердин, ошондой эле Окуу борборлорунун директорлору жолугушат. Алар кошумча кесиптик билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашат, тажрыйба алмашуу жана келечек пландар менен ой бөлүшүү жүргүзүлөт.