Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Сизди КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык

УРМАТТУУ КОЛЛЕГАЛАР!

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Сизди КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун колдоосу менен 2020-жылдын 26-майында өтүүчү Пермь шаарындагы (Россия Федерациясы) Улуттук изилдөө университетинин “Экономиканын жогорку мектеби” жана “Crown Agents Ltd” компаниясы (Улуу Британия) менен биргеликте уюштурулган “Кошумча кесиптик билим берүүнүн заманбап тренддери: түшүнүүдөн ишке ашырууга карай” аталышындагы эл аралык онлайн илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн чакырат, кошулуу жана катталуу убактысы саат 09:30.

Конференция “2020-жыл - Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кайчылаш жылына” арналат.

Максаты: Маанилүү болуп эсептелген коомчулуктун, илимдин, практиканын аракеттерин жана кошумча кесиптик билим берүүнүн (мындан ары – ККББ) өнүгүү багыттарын бекемдөө (консолидациялоо), ошондой эле кошумча билим берүү багытындагы кызматкерлердин тажрыйба алмашуусу.      

Онлайн-конференцияда төмөнкүдөй маселелер каралат:

• Covid19 га  байланыштуу учурдагы кырдаал контекстиндеги кошумча кесиптик билим берүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана чакыруулар;

• Кыргыз Республикасындагы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер улуттук системасынын кадрдык жана окуу-усулдук потенциалын өстүрүү.

• ККББнын эл аралык тажрыйбасы. УИУ ЭЖМ -  Пермь, Россия, кошумча билим берүүнү ишке ашыруу тажрыйбасы. Санариптештирүү шартындагы жаңы тренддер;

• ККББнын эл аралык тажрыйбасы. “Crown Agents Ltd” британиялык компаниясынын кошумча кесиптик билим берүү тармагындагы  тажрыйбасы;

• Мастер класс: “Онлайнга өтөбүз: лекциялар, семинарлар, текшерүүлөр жана экзамендер  үчүн форматтар, усулдар, инструменттер (каражаттар)”.

• “Мектептердин мугалимдерине үзгүлтүксүз кошумча билим берүү. Кантип университет мектепке жардам бере алат?” темасындагы орто жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн атайын сессия (мектептердин, училищалардын жана техникумдардын  мугалимдерине жана жетекчилерине кошумча билим берүүнү уюштуруунун иновациялык формалары тууралуу).

2020-жылдын 20-майына чейин  катыша ала турганыңызды бышыктоону жана төмөнкү ссылка менен катталууңузду суранабыз.

https://docs.google.com

Уюштуруу комитети: Джабаева Айдана, djabaeva.a@gmail.com. Тел: +996 (555) 333 487, + 996 (556) 700 587 (WhatsApp)

УШУЛ КАТТЫ КОЛЛЕГАЛАРЫҢЫЗГА ТАРКАТСАҢЫЗ, БИЗ ЫРААЗЫ БОЛОБУЗ!