Финансы министрлигинин казналыгынын 55 аймактык

2020-жылдын 6-7- жана 12-майында КР ФМ Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгынын аймактык башкармалыктарынын  55 райондук бөлүм/сектор башчылары үчүн түз эфирде билимдерди жогорулатуучу окуу курсун өткөрөт.

Курстун угуучулары, ыңгайлуу электрондук каражаттарды колдонушуп, ыңгайлуу жерде отурушуп, жаңы технологияны өздөштүрүү менен бирге өздөрүнүн билим денгээлдерин жогорулата алышат.

Азыркы учурда актуалдуу болгон онлайн лекциялар бул окуу курсунда ар кандай практикалык тапшырмалар жана мисалдар менен толукталды. Ушундай керектүү билимге (маалыматка) ээ болуу үчүн компьютер же телефон аркылуу интернетке туташуу зарыл.

Окуу процесси ирети менен өздөштүрүлүүчү төмөнкүдөй темаларды камтыйт:

1. Жергиликтүү бюджетти аткаруудагы бюджеттер аралык мамилелер.

Бюджеттер аралык мамилелердин ченемдик-укуктук негиздери.

Окутуучу: КР ФМ Бюджеттер аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Нурунбетов Сыймык Балтахунович; 

2. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер Улуттук системасы.

Окутуучулар: КРӨ караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун директору Алишеров Бакытбек Автандилович жана КРӨ караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун окутуучусу Чаплыгин Вадим Александрович;

3. IS. “Дем берүүчү гранттар” порталы менен “IS. Казна. Бюджет” порталынын жана “Мамлекеттик сатып алуулар” порталынын интеграциясы.

Окутуучу: КР ФМ Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башкы адиси Касымов Болотбек Замирбекович;

4. IS. Казна порталын өркүндөтүү жана модернизациялоо. Мамлекеттик органдар менен “Түндүк” системасы аркылуу билгелешкен иш аракеттер.

Окутуучу: “Инфо-Система” МИнин директорунун орун басары Исмаилов Тилек Турдубекович;

5. Ошондой эле КР ФМ Борбордук казыналыгынын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тиешелүү болгон алты тема бар.

Анын окутуучулары:

КР ФМ Борбордук казыналыгынын Бюджеттик ассигнациялар эсеби жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Тургунбаева Насипкан Сонунбековна;

КР ФМ Борбордук казыналыгынын Казналык жол-жоболорунун усулдары жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Чоколова Роза Турдумамбетовна;

КР ФМ Борбордук казыналыгынын Мамлекеттик кирешелерди эсептөө бөлүмүнүн башкы адиси Джаркынбаева Гульзат Адылбековна.

Маалымат үчүн: Белгилей кетчү нерсе, КР ФМ Окуу борборунун ДББТ (Дистанттык билим берүү технологиясын) колдонуу менен окутулуучу окуу  курстарын угуучулар жогорку суроо-талап менен колдонушат.

Өлкөбүздөгү карантин мезгилинде жана “алыскы аралыктан иштөө” учурунда КР ФМ Окуу борбору 10дон ашык группа топтоп, 200дөн көп кишини төмөнкү багыттар боюнча окутууга жетишти:

  • Базалык курс “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу”;
  • “Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу” курсу;
  • “Кыргыз тили” окуу курсу;
  • Жаш адисти адаптациялоочу курс;
  • “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” курсу ж.б.