Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун ишмердүүлүгү Ѳзгѳчѳ абалга ынгайлашты

Учурдагы кырдаал КР Финансы минситрлигинин Окуу борборунун да ишмердүүлүгүн ѳзгѳртүп, аны Ѳзгѳчѳ абалга ыңгалаштыруу зарылчылыгын жаратты. Карантиндин катуу тартиби окуу процессин токтотууга шылтоо болбош керек, тескерисинче алар алыскы аралыктан иштѳѳнун эсебинен тездеши керек.

Финансы системасындагы кызматкерлер үчүн жана бардык каалоочуларга актуалдуу багыттар боюнча жаңы жѳндѳмдүүлүктѳргѳ ээ болууга, билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк жаралды. Бош убакыт бул - жакшы мүмкүнчүлүк, заманбап маалыматтык технологияларды колдонуп, аны ѳз билимин терендетүүгѳ пайдаланып калуу.

Ѳзүн дарттан изоляциялоо мезгилинде  КР Финансы министрлигинин Окуу борбору менен Кыргыз-Түрк «Манас университети биргеликте, бир аптада үч жолу мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) билүүнү жакшыртуу максатында, эки группа угуучуларга (баштоочу топко жана улантуучу топко) түз эфир менен Meet.google.com. тиркемеси менен окуу курсун ѳткѳрүп жатат.

Ал эми 2020-жылдын 13-апрелинен тартып КР Финансы министрлигинин Окуу борбору Zoom тиркемеси менен түз эфирде видеоконференц байланышы боюнча «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» темасындагы окуу курсун 20 угуучу үчүн орус тилинде жана кыргыз тилинде ѳткѳрүүдѳ.

Карантиндин 2020-жылдын 30-апрелине чейин улантылышына байланыштуу КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тѳмѳнкү багыттардагы аралыктан окутулуучу жаңы вебинар сабактарды баштады: «Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу», «Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүк». Ошондой эле Окуу борбору КР Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте «Жаш кызматкерди адаптациялоо курсу» темасындагы билимди жогорулатуучу курстун контентин түзүп, Финансы министрлигиндеги жаш кызматкерлер үчүн, (ведомстволорго караштуу бѳлүмдѳрүн кошуп) онлайн режимине жүктѳѳнү пландап жатат.