Финансы министрлигинин Окуу борбору окуу курстарын убактылуу токтотуп, аралыктан окутуу режимине өтөт

Финансы министрлигинин Окуу борбору окуу курстарын убактылуу токтотуп, аралыктан окутуу режимине өтөт

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору өлкө аймагына коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 14-мартындагы № 282/1 буйругун аткаруу үчүн окуу курстарын 2020-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу токтотуп, аралыктан окутуу технологиялары колдонулган окуу процесси режимине өтөт.     

Министрликтин Окуу борбору дүйнөлүк тенденциялардан артта калбайт жана окутууда тоскоолдуктар болбошу керек, технологиялардын жана прогрессивдүү өнүгүү кылымында угуучуларыбыздын алдында билим алуу үчүн чектөөлөр коюлбашы керек деп эсептейт. Ошондуктан Окуу борбору төмөнкү онлайн курстарды сунуштайт:

1. «Программалык бюджеттөө» онлайн-курсу;

2. «Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө режими» онлайн-курсу;

3. «Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу» онлайн-курсу;

4. «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алуу үчүн долбоорлорду даярдоо» онлайн-курсу;

5. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистер үчүн киришүү курсу;

6. Жеткирүүчүлөр үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча киришүү курсу;

7. Малекеттик сатып алуулар боюнча адистер үчүн – Мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштөө боюнча окутуу курсу;

8. Жеткирүүчүлөр жана подрядчылар үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуу курсу;

9. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрүү https://www.youtube.com/watch?v=8AQ9_MafToU&feature=youtu.be;

10. Жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү

https://www.youtube.com/watch?v=XSoS_T6EFxk&feature=youtu.be.

Аталган курстар мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерге, жеткирүүчүлөргө жана подрядчыларга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономика бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине теориялык аспекттерди, мыйзамдык талаптарды, заманбап методдорду жана тенденцияларды, ошондой эле аларды колдонуунун мыктыраак практикасын камтыган ар тараптуу билимдерди берүүнү максат кылат.

Онлайн окуу курсунан өтүү үчүн төмөндөгү шилтеме боюнча министрликтин Окуу борборунун порталында катталып, өзүңүзгө зарыл болгон курсту тандап алууңуз зарыл: http://egplms.okmot.kg/

Техникалык колдоо телефондору:

Бектенбаев Марленбек (e-mail: ucmfkr@gmail.com)

Тел.: 0(312) 66 15 97, 0(706) 113 315,  0(555) 33 34 87, 0 (779) 52 25 65 

Министрликтин Окуу борбору тарабынан өткөрүлө турган акы төлөнүүчү билим берүү кызматтары боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкүлөргө кайрылыңыз:

Аильчиева Нургүл Эмировна («Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» базалык курсу; «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр» адистештирилген курсу)

Тел.: 0(312) 66 15 97, 0(554) 35 90 08, 0(702) 18 00 51;

Кадоева Жайлоо Амиркуловна («Мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук»; «1С: Бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтерия» курсу)

Тел.: 0(312) 62 58 8200(772) 76 73 64 , 0(708) 10 01 47