ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛДЫН КУРЧУШУНА БАЙЛАНЫШТУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КУРЧ МҮНӨЗДӨГҮ РЕСПИРАТОРДУК ВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ ЖЫЛДЫРЫЛАТ.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛДЫН КУРЧУШУНА БАЙЛАНЫШТУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КУРЧ МҮНӨЗДӨГҮ РЕСПИРАТОРДУК ВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯНЫ ӨТКӨРҮҮ ЖЫЛДЫРЫЛАТ.

Урматтуу коллегалар,

2020-жылдын 4-мартында КР Финансы министрлигинин Аппараттык кеңешмеси болуп, анда эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу, ошондой эле курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларды алдын алуу максатында, пландаштырылган эл аралык конференцияларды, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндөгү КР Коопсуздук Кеңешинин, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечимдери окулду.

Жогорку маалыматтын негизинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун колдоосу алдында «Crown Agents Ltd» (Великобритания)  компаниясы,  Россия федерациясынын Пермь шаарындагы Улуттук изилдөө университетинин “Экономиканын жогорку мектеби” менен бирге 2020-жылдын 25-мартына пландаштырган  “Кошумча билим берүүдөгү заманбап тренддер: түшүнүүдөн ишке ашырууга карай” аталышындагы эл аралык конференцияны өткөрүү башка мөөнөткө жылдырылгандыгын кабарлайт. (датасын жана убактысын кошумча маалымдайбыз).