«Самомаркетингдин каражаттары» темасындагы конок лекция

2020-жылдын 19-февралында КР Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Укук жана Бизнес” институтунун 70 студенти үчүн «Самомаркетингдин каражаттары» темасындагы конок лекция өткөрүлдү.

Аталган окуу жайдын үчүнчү жана төртүнчү курсунун студенттери конок лекция окууга чакырылган КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Э.Д. Турдумамбетова менен болгон бул жолугушууда, КР Финансы минстрлигине жумушка орношуу үчүн документтерди жаштар кантип тапшыруу керектиги тууралуу маалыматтарга ээ болушту. Окуу борборунун директору документтердин ичинен жумуш берүүчүнүн көңүлүн буруучу резюмени кантип туура түзүү керектигине, кошуп жөнөтүүлүчү кат деген эмне, аны кантип жазуу керек экендигине басым жасап өттү.

Кошуп жөнөтүүлүчү кат – бул маанилүү документ экендиги, анда жумушка кирүүчүнүн кызыкчылыктары, түрткү берүүсү, өзүнө ишеними жана иштей турган кызмат тууралуу маалыматы бар экени жазылыш керектиги студенттерге өзгөчө кызыктуу болду.  Бул документ жумушка кабыл алууда резюме же анкета менен бирге берилип, иштиктүү стилде жазылышы зарыл. Кошуп жазылуучу каттын  негизги максаты – көздөгөн кызматка карата,  ал эмнеси менен мыкты талапкер, кайсы жагы артык, эмне максат менен бара жаткандыгын жумуш берүүчүгө түшүндүрүп, ишендирип, аны менен маектешүүгө зарылчылык жаратуу.

Жогорку курстун студенттерин кызыктырган суроолорго жооп катары 15 акысыз онлайн курс бар экендиги айтылды жана  кызыкчылыгы бар көптөгөн студенттер окуу үчүн КР ФМ Окуу борборунун онлайн курсуна http://uc.okmot.kg/ru/kursy.html жазылышты.  

Ушул жерде алынган билимдин келечекте бара турган кызматка сөзсүз түрдө пайдасы тийип, ким жашоодо көптү билсе, ошол башкалардан ашыкча ийгиликтерге ээ боло ала тургандыгын, бул өз учурунда керектүү усулдук маалымат болгондугун студенттер ыраазычылык менен белгилеп айтышты.

Келечектин адистери үчүн окулган лекция кесиптик ишмердүүлүгүнө дагы кошумча мүмкүнчүлүк болду. Конок лекциясы башка жаңы маалымат эле болбостон,  дайыма жаңы тажрыйба экендиги дагы бир жолу далилденди