Финансы министрлигинде Кыргыз тили кабинети ачылды

Финансы министрлигинде Кыргыз тили кабинети ачылды — Жаңылыктар — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2019-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз тили кабинетинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы Абдухалык Шамшиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору академик Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Альфира Супатаева жана министрликтин кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кабинетти ачуунун максаты жана мааниси тууралуу кабардар болушту. Статс-катчы А. Шамшиев министрликтин Окуу борборунун базасында ачылган, керектүү окуу китептери, усулдук колдонмолор, лингвистикалык жана тармактык сөздүктөр, инновациялык доска ж.б. менен жабдылган Кыргыз тили кабинети мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө, билим деңгээлин жогорулатуусуна жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүүсүнө өбөлгө болорун белгилеп, кабинетти ачууга өз салымын кошкондорго министрликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Салтанаттуу жыйында сөз сүйлөгөн академик А. Акматалиев соңку 4 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин колдоосу менен лингвистика жаатында көптөгөн сөздүктөр чыгарылып, окуу жайларга жана мамлекеттик органдарга бекер таратылгандыгын, бул басылмалар мамлекеттик тилди өркүндөтүүдө жана жайылтууда зор мааниге ээ экендигин айтты.  

Иш-чаранын соңунда министрликте мамлекеттик тилде иш жүргүзүп, кыргыз тилинин жайылышына салым кошкон кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары салтанаттуу түрдө тапшырылып, катышуучуларга майрамдык концерт тартууланды.