КР ФМ ОКУУ БОРБОРУ ББУ ЖОГОРКУ КОМИРАССАРЫ БАШКАРМАЛЫГЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ТРЕНИНГ ӨТКӨРДҮ

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору ББУ ЖОГОРКУ КОМИРАССАРЫ БАШКАРМАЛЫГЫ менен биргеликте адам укуктары боюнча “Адам укуктарына киришүү”темасында КР Финансы министрлигинин 26 кызматкери үчүн тренинг өткөрдү.

Окутуу 2019-жылдын 15-мартындагы КР Өкмөтүнүн тескемесин жана 2019-2020-жылга карата  иш-аракеттер Планын аткарууга карата болуп өттү.

Тренингди баштоо жана кириш сөзү  адам укуктары боюнча ББУ Жогорку Комиссары башкармалыгынын Кеңешчиси Кирен Орейллиге жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору  Эрке Турдумамбетовага берилди.

Бул тренингдин максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу, “Адам укуктарынын концепциясы”, “Адам укуктарынын чектелиши”, “ Адам укуктарын коргоо жагындагы эл аралык механизмдер”, “Улуттук укук коргоо институттары” маселелери боюнча   маалыматтык-агартуу ишин камсыздоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук колдоо башкармалыгынын жетекчиси Чоткараев К.А. өз сөзүндө, мындай тренингдер тийиштүү нормаларды жана стандарттарды ишке ашырууга кызыктар тарапты колдоого,  өзгөчө адам укуктары жагындагы сунуштарды иш жүзүнө ашыруу үчүн абдан керектүү жана актуалдуу болуп эсептелет.

КР Финансы министрлигинин жана КР ФМ Окуу борборунун кызматкерлеринин атынан  КР ФМ Окуу борборунун Окуу бөлүмүнүн башчысы М.А. Абыкеева жана КР Финансы министрлигинин Укуктук колдоо башкармалыгынын башкы адиси А.Ж. Сыдыкова ББУ Жогорку Комиссары башкармалыгынын тренерлери: Воцлава Юлияга жана Ахметжанова Сабинага ыраазычылык билдиришти.