2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27

27 Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана сатып алуулар боюнча эксперттер чогулушту.

Тегерек столдун максаты - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Модераторлор: Абдрахманов Бек Абдилатипович, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору, Кудаяров Сагын Сапарбаевич, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы Сатып алуулар борборунун директору, Джунушев Бакыт Аманжанович, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин мамлекеттик сатып алуулар методологиясы башкармалыгынын начальниги.