27-ноябрынан 28-ноябрына чейин “Персоналдын онбординги: Документ жүгүртүүнүн жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздери” темасы боюнча квалификацияны жогорулатуучу окуу курсу өткөрүлдү.

Документ жүргүзүү менен байланышкан милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн кызматкерлерге базалык билимдерди жана көндүмдөрдү камсыз кылуу, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүүнүн негизги принциптерин жана процесстерин өздөштүрүү максатында 2024-жылдын 27-ноябрынан 28-ноябрына чейин КР ФМ Окуу борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн “Персоналдын онбординги: Документ жүгүртүүнүн жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздери” темасы боюнча квалификацияны жогорулатуучу окуу курсу өткөрүлдү.

Бул окуу курсунун тренерлери төмөнкүлөр болушту:

Исраилова Аида Озгоновна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы, темасы: “Иш кагаздарын жүргүзүүнүн уюштуруу негиздери. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин регламенти”;

Үчкемпирова Асель Белековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси, темасы: “Иш кагаздарынын текстеринде көп кездешүүчү каталар. Буйруктардын, кызматтык каттардын, арыздардын, түшүнүк каттардын тексттери. Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери боюнча туура жазуу”;

Азизова Айжан Төрөбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси,

Курманбеков Нурсултан Кубанычевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси, темасы: “Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү”;

Кулалиева Калия Одесовна - филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти, темасы: “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Иш кагаздарын тариздөө үлгүлөрү. Иш кагаздарынын түрлөрү. Иш кагаздарынын лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү”.

            Бул окуу курсунда 112 угуучу окуду (алардын ичинен офлайн форматында – 21 угуучу жана онлайн форматында – 91 угуучу катышты) .