КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНУН ОШ ШААРЫНДАГЫ ОКУУ КАБИНЕТИНДЕ БАЗАЛЫК ОКУУ КУРСУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Окуу борборунун Ош шаарындагы окуу кабинетинде “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы базалык окуу курсу 2024-жылдын 25-ноябрында башталып, 29-ноябрына чейин улантылмакчы. Азыркы учурда семинарда мамлекеттик жана жеке ишканалардын  кызматкерлери кошумча кесиптик билим  алышууда. Алар  сатып алууларды жүргүзүүнүн ыкмаларын, жол-жоболорун, мамлекеттик сатып алууларды пландаштырууну жана кулактандырууну электрондук порталга жарыялоону үйрөнүп  жатышат.  Окуу курсунун теориялык бөлүгүн (лекциясын) АбдыкаровТолубай окуп жатат,  ал эми практикалык сабакты Айдаров Алмаз өткөрүүдө. Окуу курсунун угуучулары өздөштүргөн билимдеринин жана көндүмдөрүнүн жыйынтыгы катары аптанын 5-6 күндөрү жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүшөт, жана максималдуу упай топгондор мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистиктин сертификатына ээ болушат.