ОКУУ БОРБОРУ 2024-ЖЫЛДЫН 19-АВГУСТУНАН 23-АВГУСТУНА ЧЕЙИН КАРА-КӨЛ ШААРЫНДА "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ" ТЕМАСЫНДА ЖЕРИНЕ БАРЫП ОКУТУУЧУ ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРҮП ЖАТАТ

Сатып алуу уюмдарынын адистеринин кесиптик билимдерин жогорулатуу максаты менен уюштурулган  "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы Кара-Көл шаарында өткөрүлүп жаткан базалык окуу курсу сатып алууларды уюштуруучу жана ишке ашыруучу адистердин билимдерин жогорулатууга гана багытталбастан, жаңыдан иштей баштаган адистер үчүн да иштелип чыккан.

Учурда окуу курсуна Кара-Көл шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин кызматкерлери, ошондой эле жеке жактар катышууда.

Лекциялык сабактардан тышкары, угуучулардын теориялык билимдерин бекемдөөчү эки күндүк практикалык сабактар өткөрүлөт.

Бул окуу курсунун лектору Батиров Янгибай Раимжанович.