КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР, КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдордун кызматкерлеринин жана чакан, орто бизнестин өкүлдөрүнүн сатып алуулар жол-жоболорду жүргүзүү боюнча потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору төмөнкү окуу курстарына угуучуларды кабыл алууну жарыялайт: 1.«Мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдордун сатып алууларын башкаруу» боюнча базалык курсу. Курстун узактыгы: 2 күн, 16 академиялык саат, 09:00дөн 16:30га чейин, офлайн форматта, окуунун акысы – 3200 сом. 2.«Мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдордун сатып алууларына катыша турган берүүчүлөр үчүн окуу курсу». Курстун узактыгы: 2 күн, 16 академиялык саат, 09:00дөн 16:30га чейин, офлайн форматта, окуунун акысы – 3200 сом. Угуучулар, бул курстун так датасы тууралуу группа түзүлгөндө маалымат ала алышат. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыштарга кайрылса болот: электрондук почта: karypov.ertur@gmail.com, kadoeva1505@mail.ru. тел.: 0772767364 (Whats app), 0555 222 918.