Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган мамлекеттик сатып алуулар боюнча Алтынчы Эл аралык форум

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган "Мамлекеттик сатып алуулар - экономикалык өнүгүүнүн жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн куралы катары" темасындагы форум 100дөн ашуун кишинин катышуусу менен 2024-жылдын 10-июнунан 11-июнуна чейин Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өттү.

Форумдун расмий ачылышына финансы министринин орун басары У.И.Календеров; Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Ж.Т.Ормонов; Дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу боюнча Тобунун жетекчиси Камрул Хасан, ошондой эле онлайн байланыш менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн операциялык иштеринин жетекчиси Сезар Ллоренс катышышты.

Эл аралык форумда  КР ФМ Окуу борборунун директору Э.Д.Турдумамбетова, ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сатып алуулар боюнча башкы адиси И.В.Гончарова модераторлор болушту.

Иш-чаранын уюштуруучулары: КР Финансы министрлиги, КР ФМ караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, КР ФМ Окуу борбору,  Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болушту.

Форумдун аягында бардык спикерлерге жана катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен сертификат берилди.