КР Финансы министрлигинин Окуу борбору 2024-ж 23-майында КР ЮМ караштуу ЖАК нын 25 начальниги үчүн төмөнкү темалар боюнча эки ведомстволор курстары өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору 2024-жылдын 23-майында КР ЮМ караштуу ЖАК нын 25 начальниги үчүн төмөнкү темалар боюнча эки ведомстволор аралык квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү:

  1.  АМС «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп»;
  2. «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруунун негиздери»;
  3. «Программалык бюджетти түзүү»,

Курс программасына борборлоштурулган бухгалтердик эсеп боюнча эң актуалдуу темалар камтылган: Бухгалтердик эсепти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекболотовна Суранчиева жана маалыматтык системаларды модернизациялоо секторунун башчысы Жазгүл Зарылбековна Акматалиева жаңы программа кандай ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу, андагы жетекчилердин милдеттери жөнүндө , кандай натыйжалар берилээри жөнүндө кыскача маалымат беришти.

       

Программалык бюджет түзүү боюнча орто мөөнөттүү саясат жана программалык бюджеттөө бөлүмүнүн башкы адиси Канат Абышевич Бегалиев маалымат берди.

        Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулардын негиздерин үйрөнүү маселелери боюнча ИНСтин жетекчилери Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жол-жоболору менен кеңири таанышты, анын ичинде төмөнкү темалар: Мамлекеттик сатып алууларды пландаштыруу; Мамлекеттик сатып алууларды контракттык администрациялоо жана банктык колдоо, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана уюмдарда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө контролдук кылуу.