НАРЫН ШААРЫНДА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100-жылдыгына карата өлкөнүн бардык областарында масштабдуу  иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бугун  “Нарын облусунун финансылык системасы: теория, практика жана өнүгүүнүн артыкчылыктары” темасындагы алтынчы облустук илимий-практикалык конференция болуп өттү. КР Финансы министринин орун басары У.Календеров конференциянын катышуучуларына кайрылып, өлкөнүн жетекчилиги, Министрлер Кабинети жана Финансы министрлиги тарабынан акыркы 3 жылда аткарылган иштери тууралуу маалымат берди.

Министрдин орун басары 2023-жылы региондорду өнүктүрүү фонддоруна 2,4 млрд сом каржыланганын, ал эми капиталдык салымдар беренеси аркылуу Нарын облусуна республикалык бюджеттен акыркы уч жылда 2.2 млрд сомго 253 объект каржыланып, 32 объект толугу менен бүткөрүлүп, 15 мектеп ишке берилгенин маалымдады .

Мындан тышкары “Дем беруучу гранттар” беренесине 2024-жылга  1.5 млрд сом каралып, анын ичинен Нарын облусу боюнча 117.4 млн сомго 43 долбоор каржылоого алынганы айтылды.

У.Календеров, - “Мамлекеттик тышкы инвестициялардын алкагында Нарын облусунда 13 долбоор ишке ашырууда, алардын жалпы суммасы 401,6 АКШ доллары. Эл аралык финансы уюмдар тарабынан тартылган инвестициялар транспорт, суу жана айыл чарба тармактарына багытталган”, - деп билдирди.

Сөзүнүн соңунда Финансы министринин орун басары У. Календеров Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  А. Сапаровго Финансы министрлигинин 100-жылдыгына арналган стэласын тапшырды.

КР Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чараларына КР Финансы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук бийлик жетекчилери, экономисттер, финансисттер, банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий коомчулук жана ишкерлер катышууда. Илимий конференциялар өлоңүн бардык облустарында өткөрүлүп, жыйынтыктоочу иш-чара 28-майда тийиштүү резолюция кабыл алуу менен Бишкекте өтөт.