КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун угуучулары Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча окуу курсунун алкагында жаңы“Триатлон борборунун”ачылышына катышышты

2024-жылдын 29-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле бизнес жана жарандык секторунун өкүлдөрүнүн Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо  жана ишке ашыруу маселеси боюнча  потенциалды жогорулатуучу, 16 акададемиялык саат көлөмүндөгү, эки күндүк  "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун башкаруу" (мындан ары - МЖӨ) темасындагы  окуу курсу өткөрүлдү.

 

Курстун негизги учурларынын бири жерине барып окутуучу практикалык сабак болду, анын алкагында катышуучулар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптери боюнча ишке ашырылган жаңы “Триатлон борборунун” ачылышына катышышты. Бул аларга МЖӨ долбоорун башкаруу процессин теория түрүндө эле окутпастан, анын иш жүзүндө кандай аткарылаарын көрүүгө мүмкүндүк берди.

 

Натыйжада катышуучулар теориялык билимге гана эмес, келечекте МЖӨ долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууга жардам бере турган практикалык жөндөмдөргө  ээ болушту.

Бул окуу курсунун лектор-эксперти Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун МЖӨ долбоорун даярдоо бөлүмүнүн улук эксперти Э.Ч. Касымов болду.