"КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА "АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК-АЙМАКТЫК РЕФОРМАНЫ(МЫНДАН АРЫ ААР)ИШКЕ АШЫРУУДА БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИН НЕГИЗДЕРИ" ТЕМАСЫНДАГЫ ЖАНЫ ОКУУ КУРСУ ОТКОРУЛДУ.

2024-жылдын 08-апрелинен 09-апрелине чейин Бишкек шаарында Сокулук,Чуй,Ысык-Ата,Москва айыл өкмөттөрүнөн 36 башкы эсепчи,материалдык эсепчилери  келип окуду. Программа боюнча муниципалдык кызматчылардын социалдык кепилдиктери,орточо айлык эмгек акыны эсептөө тартиби,пайдаланылбаган өргүү үчүн өргүүлөрдү жана компенсацияларды эсептөөнүн тартиби,кызматкерди кыскартууда бошонуу,жөлөк пулун эсептөө тартиби, өтүлгөн материалды чагылдыруу,юридикалык жактан кайра уюштуруу, өткөрүп берүү актысы,жоюу балансын түзүү тартиби, боюнча кенири маалымат алышып, 16 ак.сааттык сертификатка  ээ болушту. Бул окуу курсунун угуучулары Окуу борборуна жана Окуу борбордун окутуучулары Ширин Токташ жана Турсунай Токташевнага терең ыраазычылыктарын билдиришти.