Кыргызстандын бюджеттик мекемелери үчүн бухгалтердик каттоо
Анда Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, областтык жана райондук администрациялардын жетекчилери, шаардык мэриялардын кызматкерлери, финансы тармагындагы илимпоздор, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, банктардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын, чакан жана орто бизнес уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Бул иш чараны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору - финансы министринин орун басары Аманбаев Умутжан Моминович ачты. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Эдилов Талантбек Расабекович, Талас шаарынын мэри Джумаев Эрмат Джумаевич келип, иш-чаранын ачылышында куттуктоо сөздөрүн айтышты. У.М. Аманбаев Талас облусунда болгон иш-сапарынын алкагында облустун бюджети жана КРдин акыркы жылдары жетишкендиктери тууралуу, консолидацияланган бюджеттин ресурстары акыркы 3 жылда 2,3 эсеге өскөнүн белгилеп, 2023-жылы 571,6 млрд сом өлчөмүндө пландалганын, иш жүзүндө бюджеттик ресурстар 577,6 млрд сомду түзгөнүн, ошондой эле бул өз кезегинде экономиканын динамикалык өсүүсүнө оң таасирин бергенин маалымдады. 2023-жыл ичинде жалпы Талас облусуна республикалык бюджеттен 192,8 млн сом өлчөмундө теңдештирүүчү трасферттер бөлүнүп берилсе, 2024 жылга 193,0 млн сом өлчөмүндө трансферттерди бөлүү каралган. У.Аманбаев Финансы министрлигинин жакын мөөнөткө коюлган максаттарына токтолуп, -"Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" системасында Эсептердин бирдиктүү планын колдонуу боюнча 2024-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик башкаруу секторунун бардык бюджеттик мекемелери аталган системада эсептерин жүргүзүп жатат”,- деп билдирди. Илимий практикалык конференцияда 19 баяндама жасалды. Финансылык-экономикалык актуалдуу маселелер боюнча суроо-жооп иретинде талкуу болду. Талас шаарындагы илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгында катышуучулар 7 пукттан турган резолюциянын долбоорун түзүштү. Резолюциянын долбоорун жыйынтыктоочу резолюцияны түзүү үчүн Бишкек шаарына берүү сунушталды. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына» арналган стела Ысык-Көл областынын атайын келген өкүлүнө эстафета катары тапшырылды.
. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетекчилиги өлкөбүздүн бардык областарында "Өткөндү эстейбиз жана келечекти курабыз" деген ураан менен “Конференция кербени” болгон масштабдуу жети иш-чара өткөрүү чечимин кабыл алган.