КАРАКОЛ ШААРЫНДА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ.

Финансы министринин орун басары Э.Калдыбаев конференциянын ачылышында сөз сүйлөп өлкөнүн жетекчилиги тарабынан Министрлер Кабинетине 2023-жылга консолидацияланган бюджеттин планы 500 млрд сом коюлганын, ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы менен көрсөткүч 577,6 млрд сом түзгөнүн маалымдады. Быйыл болсо 602,1 млрд сом менен бекитилгенин маалымдады.   “2023-жылы региондорду өнүктүрүү фонддоруна 2,4 млрд сом каржыланып, капиталдык салымдар беренеси аркылуу Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттен акыркы уч жылда 6.0 млрд сомго жакын 265 объект каржыланды. 36 объект толугу менен бүтүп, 18 мектеп ишке берилди”,-деди Э.Калдыбаев. Мындан тышкары“Дем беруучу гранттар” беренесине 2024-жылга  1.5 млрд сом каралып, анын ичинен Ысык-Көл облусу боюнча 197.1 млн сомго 66 долбоор каржылоого алынды.   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен  2022-жылы – 885,0 млн сом, 2023-жылы  - 640,1 млн сом каржыланып  2024-жылга (план)- 720,0 млн сом каралды. Финансы министринин орун басары мамлекеттик тышкы инвестициялардын алкагында Ысык-Кол облусунда 1.3 млрд АКШ долларына 48 долбоор ишке ашырылганын, тартылган инвестициялар транспорт, энергетика, суу жна айыл чарба тармактарына багытталганын баса белгилеп, жыйындын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.  Сөзүнүн соңунда Финансы министринин орун басары Э.Калдыбаев Президенттин Ысык-Көл облусунда ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Д.Арпачиевге Финансы министрлигинин 100-жылдыгына арналган стэласын тапшырды. КР Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чараларына КР Финансы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук бийлик жетекчилери, экономисттер, финансисттер, банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий коомчулук жана ишкерлер катышууда. Илимий конференциялар өлоңүн бардык облустарында өткөрүлүп, жыйынтыктоочу иш-чара 28-майда тийиштүү резолюция кабыл алуу менен Бишкекте өтөт.