Кыргызстандын бюджеттик мекемелери үчүн бухгалтердик каттоо
“Ош облусунун финансы-экономикалык системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары” аталышындагы иш-чарага Финансы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук администрациялардын жетекчилери, алдыңкы экономисттер, банктардын, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышышты.
КР Финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев Ош облусунун финансы-экономикалык жактан өнүгүүсү тууралуу айтып берди. Ал акыркы үч жылда облуска республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча 106 объектке, анын ичинде 60 мектепке 4 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөндүгүн белгиледи.
Ошондой эле, Э.Калдыбаев аймактык фонддорду өнүктүрүүдөгү маанилүү жетишкендиктерди белгилеп, 2023-жылы гана 2,4 млрд сомго каржылангандыгын билдирди.
2024-жылга “Дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 1,5 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 257,3 млн сому Ош облусундагы 86 долбоорду каржылоого алынган. Мындан тышкары, мамлекеттик тышкы инвестициялардын алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан Ош аймагын өнүктүрүү долбооруна 60 млн АКШ доллары бөлүнгөн.
Конференциянын маанилүү темасынын бири инфратүзүмдүк долбоорлорго инвестицияларды талкуулоо болду. Эл аралык донорлор тарабынан 78 млн АКШ доллары суммасына суу түтүктөрүн оңдоо иштери улантылууда, ошондой эле транспорт жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө 133 млн АКШ доллары бөлүнөт.