Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук» деген темада 5 күндүк окуу курсун өткөрдү.

2024-жылдын 11-мартынан 15-мартына чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук» деген темада 5 күндүк окуу курсун өткөрдү.

Тренингге Ош жана Нарын областынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын секретариатынын, айыл өкмөттөрүнүн, Бишкек шаарындагы К.Тилебалиева атындагы жетим балдар үчүн мектеп-интернатынын эсепчилери катышты. Жалпысынан 18 угуучу болду.

Окуу процессинин жүрүшүндө, угуучулардын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жаатындагы бюджеттик мекемелердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу, окуу модулунда көрсөтүлгөн темаларга теориялык жана практикалык кеңири түшүндүрмө берилди. Бул окуу курсун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери Турсунай Токташевна алып барды жана кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.

Курсту аяктагандан кийин, материалды ийгиликтүү өздөштүргөн жана тесттен өткөн угуучулар сертификатка ээ болушту.